Бакытка карай 10 жол

 

566f1ca04074f_344337363

 

Эмнени эксең ошону аласың

Адам жер жүзүндө кандай кыймыл аракет жасабасын, ал ааламдан сөссүз кайтып келет. Жакшылык-кубаныч менен. Жамандык-кайгы менен. Ошондуктан сүйүктүү, бактылуу болгуң келсе, анда сен да махабатыңды арнап жана бирөөнү бактылуу кыл!

 

Ìàëåíüêàÿ äåâî÷êà â ïàðêå

Өзгөрүүнү өзүңдөн башта!

Жан дүйнөнүн тынч абалын камсыздоо айлананы тазалоодон башталат. Адам кандай жашоону каалса ошондой дүйнө, жумуш жана адамдар менен курчашы шарт.

 

love-happiness-girl-heart-valentines-1920x1200

Кабыл ал!

Биз абалды кабыл алмайынча аны өзгөртө албайбыз. Эгерде сен кемчиликти, критиканы кабыл албай, күнөөнү башкалардан издесең демек өнүгүүгө даяр эмессиң.  Бул сапат жогорку деңгээлге көтөрүлгөнгө тоскоолдук жаратат. Сени менен болгон окуяны  кабыл алуу менен гана аны жеңе аласың.

98931299

Бир орунда турба!

Адам техника сымал эле, күнүгө жаңыланып, изденип өнүгүп туруусу маанилүү. Бул нерсе психологиялык жана физиологиялык бакытка жол ачат.

Мамино-Счастье.-19-августа-2012.

Жоопкерчиликтүү бол

Жашоо бул-күзгү.  Анда болуп жаткан окуялардын автору өзүңүз. Андыктан айрым көйгөйлөрдө бирөөнү күнөөлөбөй, өзүңүзгө  болгон жоопкерчиликти күчөтүңүз. Айлананын катаал болушун каалабасаң анда-өзүңө катаал бол деген кепти унутпаңыз.

 

maxresdefault (55)

Байланыш мыйзамы

Бир ишти мыкты жасоо үчүн биринчи кадам маанилүү болгондой , акыркы жана ортоңку  баардык кыймылдар маанилүү. Демек ишти башынан аягына чейин майына чыгара жасашыңыз керек.  Көпчүлүк учурда анчейин көңул бурулбаган, майда нерселер дагы маанилүү. Аалам менен биздин кыймыл аракет байланышта экенин унутпайлы.

притча-о-счастье

Ойду бир жерге чогулт

Руханий байлыкты издеген маалда адамда ач көздүкө, жинге ж.б орун калбай калат. Ошондуктан бир учурда эки нерсени ойлонуудан алыс болуңуз.

 

841

Бакыт Азыр ушул жерде

Өткөндү эстеп өкүнүү — жомоктогудай келечекти күтүү азыркы учурду унуттурат.  Көпчүлүктөр М: жумушта эс алууну, эс алууда жумушту ойлоп дайым бушайман акылбалда жүрөт. Ал эми ийгиликтин биринчи ачкычы азыр ушул абалда жашоо менен алпуруша билүү болуп саналат.

 

1165913

Сабырдын түбү — сары алтын

Ар бир ийгиликтин артында  сыйлык турат. Ошондуктан жасап жаткан иштин жыйынтыгы мыкты болот деген ой ийгилике түрткү берет.

 

944397

Маанилүүлүк жана шыктануу мыйзамы

“Кеңге кең дүйнө, Тарга тар дүйнө ”- деп жашоонун мыйзамын түшүнсөк болот. Сизден берилген жардам кайра сизге сыйлык болуп кайтып келет. Жардам бере билген адам бактылуу жана бай адам деп бекринен айтылбаса керек.

 

Булак: oilon.kg