Бактылуулукка жетелеген 10 мыйзам

“Ар бир күчкө карама каршы күч табылат” — деп Ньютондун үчүнчү мыйзамы далилдеп келет. Бул нерсе физиологиялык жактан гана каралбастан, жашоодо дагы дал келет. “Эмнени эксең ошонун түшүмүн аласың” дегендей, биз үчүн маанилүү болгон мыйзамдарды биле жүрөлү.

Себеп жана жыйынтык мыйзамы

Адам жер жүзүндө кандай кыймыл аракет жасабасын, ал ааламдан сөзсүз кайтып келет. Жакшылык-кубаныч менен. Жамандык-кайгы менен. Ошондуктан сүйүктүү, бактылуу болгуңуз келсе, анда сиз да махабатыңызды арнап жана бирөөнү бактылуу кылыңыз!zakony

Жаралуу мыйзамы

Жан дүйнөнүн тынч абалын камсыздоо айлананы тазалоодон башталат. Адам кандай жашоону кааласа өзүн ошондой дүйнө, жумуш жана адамдар менен курчашы шарт.

Баш ийүү мыйзамы

Биз абалды кабыл алмайынча аны өзгөртө албайбыз. Эгерде сиз кимдир бирөөдөн душманды гана көрүп турсаңыз, демек жогорку деңгээлге көтөрүлгөнө даяр эместигиңизден кабар берет. Болуп жаткан абалды кабыл алуу гана , өнүгүүгө жол ачат.

zakon

Өнүгүү закону

Эң негизгиси адам баласынын тынбай күнүгө өнүгүп, жаңы ачылыштарды үйрөнүп туруусу заарыл. Бул нерсе психологиялык жана физиологиялык бакытка жол ачат.

Жоопкерчилик мыйзамы

Сиздин жашоо бул-күзгү сымал. Анда болуп жаткан окуялардын автору өзүңүз. Андыктан айрым көйгөйлөрдө бирөөнү күнөөлөбөй, өзүңүзгө болгон жоопкерчиликти күчөтүңүз.

2-syi%cc%86lyk

Байланыш мыйзамы

Бир ишти мыкты жасоо үчүн биринчи кадам маанилүү болгондой , акыркы жана ортоңку сыяктуу баардык кыймылдар маанилүү. Көпчүлүк учурда анчейин көңул бурулбаган нерселер дагы маанилүү. Аалам менен биздин кыймыл аракет байланышта экенин унутпаңыз.

Ойду бир жерге чогултуу

Руханий байлыкты издеген маалда адамда ач көздүкө, жинге ж.б орун калбай калат. Ошондуктан бир учурда эки нерсени ойлонуудан алыс болуңуз.

baktyluuluk

Бул жерде жана ушул маалда

Өткөндү жемелөө — жомоктогудай келечекти элестетүү, азыркы учурду сезүүдөн алаксытат. Көпчүлүктөр Мисалы: жумушта эс алууну, эс алууда жумушту ойлоп дайым бушайман акылбалда жүрөт. Ал эми ийгиликтин биринчи ачкычы азыр ушул абалда жашоону сезүү болуп саналат.

zakon-syi%cc%86

Сабыр жана сыйылык мыйзамы

Ар бир ийгилик жана сыйлык эмгекти талап кылат. Ал эми жашоонун чыныгы кубанычы “сабырдын түбү сары алтын” демекчи эмгектин арты ийгилик экенине ишенүүдө катылат…

Маанилүүлүк жана шыктануу мыйзамы

“Эмнени эксең ошону аласың”- бул жашоонун баш мыйзамы. “Кең пейилдүү кемибейт” деген кыргыздын улуу сөздөрүн иш жүзүндө колдонуңуз.

44rgph21b7s

Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз! Kurut.kg сиздерди Жаны жылыныздар менен куттуктайт!