Ажырашуудан кийин кыйналып жатам дегендерге, 6 кеңеш

Сүйүктүүң менен ара жолго түшүү  абдан кыйын. Бирок, бул нерсеге өкүнүүнүн кажети барбы? Бул окуянын сизге алып келген жаман жагынан жакшы жагын көбүрөөк издеңиз. Сизди баалабаган  адам үчүн көз жаш төгүп кереги жок. Себеби, ажырашууга кабылгандардын көпчүлүгү бул нерсени четке кагышат. Ажырашууну  башынан өткөргөн айымдардын кеп-кеңешин сунуштайбыз.

 

 

 

Өзүңүз каалагандай эс аласыз: баягыдай уруш, күмөн саноо, таарыныч жок. Анын ордуна досторуңуз, жакындарыңыз менен тынч отуруп эс алып, убакытты көңүлдүү өткөрөсүз.

Image result for после раставание радостная

 

 

 

Санаадан арыктап аласыз. Эгер сиз буга чейин өзүңүздү толук болчумун деп жерип келсеңиз анда, санаадан улам арыктап алсаңыз болот. Сиздин арык, сымбатту келбетиңизди кийин ал адам көрсө, сөзсүз түрдө сизге суктануу менен карайт да, эмне үчүн таштап кеттим деген ой келет.

Image result for расставания

 

 

Өзүңүздү сыйлоону унутпаңыз. Кандай учур болбосун, өзүңүздү сыйлоону унутпаңыз. Кайра өзүңүздү колго алып, өзүңүзгө болгон ишенимди күчөтүңүз. Бул сиздин келечекке койгон максатка жетүүнүн бирден-бир жолу.

 

2505745633

 

 

Өзүңүздү кайра табыңыз. Кандай учур болбосун, өзүңүздү колго алып, сиз сый-урматка татыктуу адам экениңизди далилдеңиз.

find-oneself1

 

 

Эми аны көрүп, кыйналуунун кереги жок. Эгер сиздер ажырашуудан кийин достукту сактап калган болсоңуздар, кайрадан сүйлөшүүгө, көрүшүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок, таптакыр мен барган жерге ал барбайт, ал барган жерге мен барбайм десеңиз анда кайра-кайра аны көрүп, улам өткөн-кеткенди эстеп ого бетер кыйналбайсыз. Тескерисинче, ал адамды бат унутууга жардам берет.

7407

 

 

Жашоо ушуну менен токтоп калбайт. Сиз алдыга карай умтулуңуз. Баардык болгон жаман ишти жакшылыкка гана жоруп коюңуз.  Дүйнө жүзүндө сизге татыктуу  мырзалар толтура экенин унутпаңыз.

2508880966