Ата-энесинин зомбулугунан каза болгон 7 жаштагы баланын окуясы

Менин атым –Ваня. Мен 7 жаштамын. Мен өзүмдүн Катя апамды жана Вадим атамды аябай жакшы көрөм. Чынымды айтсам мен аларды жакшы көрөм жана мен алардан аябай корком. Алар мени  дайыма сабашат. Мен алардын бул сабагандарына такыр түшүнбөйм. Эмнеге сабашат? Кайсы күнөөмө?

01-1-1250x833

 

Эртең менен мен ойгонуп анан мектепке бардым. Жакшы окучумун, мугалим мени жакшы көрчү, мен дагы бүт классташтарымды жакшы көрөөр элем. Билесиздерби менин досторум жок. Коңгуроо убагында мен класстык бөлмөдө отурам да, калем саптар менен ойнойм. Мени менен эч ким дос болбойт. Мен  балдарга жакындап дос болгум келчү. Бирок алар мени кошпой жогол ары түрү суук деп менден качышат. Эмне үчүн билесиздерби? Менин жүзүмдө чоң тырык бар болчу. Ал тырык атам мени катуу чапкандан болгон. Көк эски жынсы үлгүсүндөгү шым жана кызыл майка, тамтыгы кеткен бут кийим менен жүрөөр элем.

 

16334639-Little-sad-child-with-hoody--Stock-Photo

Мен баардыгын жакшы көргөнүм үчүн, өзүмдү жемелечү деле эмесмин. Сабактан кийн, мен кийим илгичке барып, өзүмдүн эски күрмөмдү алып кийдим. Эшик абдан суук эле. Кар борошоктоп жаап жаткан. Мен үшүп —  тоңуп араң басып бара аттым.

Артымдан бирөө келип, мени түрттү да, башымды карга тыкты. Мен алардын эмне деп айтып жатканын угуп жаттым. «Ырайы суук», «эч кимге керегиң жок», «селсаяк» . Андан кийин мени сабап алып кетип калышты. Мен ыйладым…бул ый катуу согулгандан эмес … менин досторум жок болгондуктан ызага муунуп ыйладым. Бирок мен кайрадан эле баарын жакшы көрө бердим. Үйгө келсем, каардуу энем мага атырылып, чачымдан жулуп, «кайда жүрөсүң?» деп «кебетең кантет?»,  «тамак жок сага»  деп комнатага түртүп кийрип койду. Мен үнүмдү чыгарбай бөлмөмө кирип отура бердим. Мен мындай көрүнүшкө көнүп калгам. Жылуу сөз айткандын ордуна, мени сабагандарына көнүп калгам. Ошол боюнча суу күрмөм менен, ачка уктап калдым.

20101107224518_20101106_111308_0407

 

 

Мен окуум начарлай баштады. Сабакка түшүнбөй калдым…бул үчүн атам мени катуу уруп – согуп жүрдү. Бир жолу катуу сабаганда менин бир манжам такыр кыймылдабай калды. Бул үчүн мени мектептеги балдар ого бетер катуу шылдыңдай башташты. Күндөр өтө берди… акырындап жүрөгүм ооруганын сезип жүрдүм. Атам, апам бул жүрөк ооруганымды эч нерсе кылып дарылашкан жок. Мурдагыдай эле мамиле…Түнкүсүн мен эмне жөнүндө кыялданчумун билесизби? Менин жүрөгүм оорубасын деп кыялданчумун. Анткени мен ата-энемди санаага бөлөгүм келчү эмес. Мен аларды абдан сүйчүмүн. Кийинки күнү, мектепте сүрөт сабагынан «менин кыялым» аттуу сүрөт тартууну мугалим тапшырма кылды. Баардыгы унаа, учак, ракета тартып жатышты. А мен болсо жөн гана үй-бүлөнүн сүрөтүн тарттым. Ата – энеси жана анын баласы бактылуу ойноп отурган. Мен тартып , акырын ыйлай бердим. Тапшырманы көрсөтүүгө менин кезегим келгенде класс кыраан-каткырыкка бөлөнө түштү. «Ушул сенин максатыңбы?» деп баары күлүп жатышты. Мен акырын көзүмдүн жашын аарчып «күлбөгүлөчү, суранам, мени сабашат, мени ата-энем өздөрүнүн мээримине бөлөшпөйт.Суранам, шылдыңдабагылачы…мен дагы силерге окшоп ата –энем кучактап өпкөндү каалайм. Мен сабактан кийин дайыма мектептин жанына туруп алып, силердин ата-энеңер кандай алып кетип жатканын көрүп  акырын карайм. Мен эч кимге керегим жок мен билем. Мен мындай бир манжам жок болгонуна, түрүм суук болгонуна мен күнөөлүү эмесмин. Чынымды айтам менин күнөм жок. Суранам жок дебесе силер шылдыңдабагылачы…» Угуп турган мугалим көз жашын араң кармап турду…көбү мени түшүнгүдөй болду…бирок шылдыңдагандарын токтотушкан жок.

 

1 (1)

 

Бир күнү мен сабактан эки алдым.
Үйгө баргандан корктум. Бирок, айла жок…
Апам эки алганымды  билди да …баары кайрадан башталды…Катуу табуретканын үстүнө чапты, башка эки жолу катуу урду. Мен эч нерсе кыла алган жокмун. «Ушунча сени өстүрдүк, а сен эч нерсе кылганды билбейсиң», «акмак»  деген сөздөрүн айтты. Мен араң «апа кереги жок, атама айтпаңыз! мен оңдойм катамды»  дегенге араң жарадым. Атам келип баарын укту да, колуна кармап алып катуу сабап, жерге тоголото коюп, бетке тэпти… мен эсим ооп ..андан ары эмне болгонун билбейм.

 

1365427600_1308520080_826162_chasto-nemyie-glaza-
Көзүмдү ачсам ооруканада экенмин. Бир манжамдын таптакыр жок экенин көрдүм. Мен терезени карап алып, капа болуп ыйлап турдум. Баары ата-энеси менен кетип бара жаткан балдарды көрүп, алардын ата-энеси кандай өөп, эркелетип жатканын көрүп капа болуп ыйлай бердим…эмнеге ыйладым билесиздерби? Мен ата-эне мээримин билбейм, мен билбейм апасы баласы кучактаганда кандай болоорун…Мектепте бир гана мугалим мени менен чай ичип, бир аз ойночу. Экөөбүз дос болуп калдык. Мен жакшы окуй баштадым. Бирок, ата-энем мени дагы деле жакшы көрө алышкан жок. Сабагандарын токтотушкан жок. Жүрөгүм ооруп жатканын айтсам, маани да беришкен жок, сабай беришти…Мен кайрадан ооруканага жатып калдым. Ата-энем ошо менен келишкен жок. Мен аларды күттүм…күттүм..бирок келишкен жок…

 

chuzhie-deti

 

Ваня жүрөк оорусунан каза болду. Анын сөөгүн табышканда, колунда кат бар экен. Апа , Ата . Кечирип койгула, ушундай түрү суук төрөлүп калганыма…мен силерге сүйүктүү боло албаганым үчүн кечирим сурайм…Мен силерди кыйнагым келген эмес…Мен силердин көңүлүңөрдү калтырайын деген эмесмин. Мен бир гана нерсени каалачумун..силердин мээримдүү кучагыңарда болууну. Ата мен сиз менен ойногум келчү. Мен силерди жакшы көр…

Кат ушуну менен токтойт..уландысы жок…баланын жүрөк оорусу  кармап, үзүлүп кете берет.

Бул чыныгы окуя…