Аспаптарды сүйлөткөн Азыкбаев

37 музыкалык аспап. Мынча аспапта ойной билүү мындай турсун, алардын аттарын жатка айтуу катардагы адам үчүн манжаларынын саны жетпей, биртоп эле кыйынчылык жаратат. Ал эми КРнын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев 37 музыкалык аспапта профессионалдык деңгээлде кол ойнотот. Негизи адам-оркестрдин репертуарында 54 аспаптын аталышы бар. Азырынча үлгүрүп ойногон аспаптарынын саны 37. Азыкбаев аспаптардын санын кырктын кырынан ашырып, Гиннестин рекорддор китебине катталсам деген изги тилек менен жашап келет.

kurmangazy-azykbaev-2

 

«Эркин ойной алам деген аспаптарды тизмелесем 54кө жетти. Бирок 37 инструментте дайыма кол ойнотуп жүрөм. Алардын ичинде кыргыздын байыркы аспаптарынан баштап, азыркы учурда популярдуу болгон дүйнө элдеринин улуттук аспаптарына чейин бар.»

 

530004_275344819212986_1594816156_n

 

«20 жашка толуп, аскерден келген убагымда музыкалык аспаптарга кызыга баштадым. Эң биринчи өздөштүргөн аспабым флейта болчу. Ошондон бери эле улам бир аспапка кызыгып отуруп мен билген музыкалык аспаптардын саны 54кө жетти. Эң негизгиси адамда бир нерсеге кызыгуу пайда болуп, каалоо болсо бат эле үйрөнүп алууга болот. Багып алган атам комуз чапкан адам болчу. Ал кишинин таасири да болсо керек деп ойлоп коём.»

 

image (32)

 

«Өзүм комуз чаба албайм. Бирок кантип, кандай жасалышын, тарыхын жана келип чыгышын жакшы билем. Инструменттердин да эркек ургаачысы болот. Мисалга кыл кыяктын кылы айгырдын куйругунан жасалгандыктан эркек аспаптардын катарына кирет. Бээлердин куйругу жарабайт. Анткени заара менен булгап салышат. Кыл кыяктын башын жакшылап карасаңар, айгырдын башынын элесин берет.»

sddefault (3)

 

«Аспаптар дары сыяктуу эле аяр жерде сакталат. Күн тийбеген, бирдей температурадагы жерде сакталышы керек. Негизи челектеги балга салып койсо өмүр бою жакшы сакталат. Бал инструментке сиңгенден кийин такыр эскирбейт. Өзүңүздөр көргөндөй бир бөлмөмдү атайын аспаптарга бөлүп койгом. Бардыгы бийик жерде, музейдегидей илинип турат. Бирок чет өлкөлөргө чыкканда ысык-суук болуп жатып, аспаптар деле бузулат экен. Инструменттерди аялымдай эле күн сайын өөп-жыттап турам.»

 

kurmangazy1

 

 

«Кызым Нурайым 10 чакты, уулум Нурсултан 5 аспапта кол ойнотот. Колдон келсе эле жаш муунга үйрөтөйүн деп жатам. Каалоочулар, ыктыярчылар келсе бекер эле үйрөтөм. Негизи мамлекет мени көзүм тирүүмдө мектеп ачып, устат катары пайдаланып калышса жакшы болмок. Азыркы жаштар батыштын таасири менен жеңил-желпи, “күйөм-сүйөм” деген ырларды ырдап, угармандардын табитин бузуп салышты. Болбосо мамлекет улуттук аспатарды пропаганда кылып, жаштарды тарбиялашы керек. Музыка деген чоң идеология. Ал эми биздин “жылдыздар” микрофон кармап алып, “сагыз чайнагандан” башканы билишпейт. Инструментте ойномок  тургай, музыкалык билими барлар чанда кездешет.»

 

image (31)

 

«Кыргыздар байыртадан теңирчиликке сыйынгандыктан аспаптардын келип чыгышы да теңирчилик менен тыгыз байланыштуу. Мисалы чопо чоорлордун курамы от, суу, аба жана топурактан турат. Ар бир аспапка ат коюш керек. Ошондо гана аспапка жан кирип, атына заты жарашат. Мисалы кыргыздын саксафонуна өзүмдүн атымдан “кумуфон” деп ат коюп койдум. Мени жакындарым “Куму” деп эркелетишет. Ошол эле саксафон Адольф Сакс деген кишинин атынан коюлган. Негизи ар бир аспаптын эн тамгасы болуш керек. Кыргыздын улуттук аспаптарында оймо-чиймелер сөзсүз болушу шарт. Мунун бардыгы теңирчиликтеги эн белгилер менен тыгыз байланышта. Кыргыздар музыкалык аспаптарга да көз тийбесин, сынбасын деп атайын белги салышып, ырымдап коюшкан. Кыргыздын комузу чоң, орто жана кичи болуп үчкө бөлүнөт. Мурун бүгүлмө комуздар да бар болчу. Азыр болсо андай комуздан дайын жок.»

 

maxresdefault (78)

 

«Кудай буюрса аспаптардын санын кырктан ашырып, Гиннестин рекорддор китебине жазылайын деп жатам. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп жетишпей жатам. Гиннес рекорддор китебине кириш үчүн кырктан ашык аспапты билип, ар биринин тарых-таржымалын айтып бериш керек экен. Мындан тышкары бул өнөрдү жаштарга үйрөтүш керек. Кудай аман койсо аталган тилектердин бардыгын ишке ашырам.»