Армиядагы 10 эрежени сактасаң аман-эсен келесиң

Image result for фото с армии

 

Акыркы убактарда армия дегенди укканда кишинин дене бою дүркүрөйт. Себеби, өзүнүн жанын өзү кыйган аскерлер акыркы убакта көп кездешүүдө. Ата – энеси менен жакшы эле коштошуп, эки жыл кызмат өтөп келем деп кеткен боюнча келбей калган аскерлер көбөйүүдө. Же келбейсиң же келсең  соо келбейсиң. Бул эмнеден улам келип чыгууда? Ал жактагы тартип кандай? Тилекке каршы, бул суроого жооп али күнгө чейин ачыкка чыга элек.

 

Image result for солдат медчасть

Ким окуса да  кереги тийип калаар деп, аскердин өз алдынча 10 мыйзамын жазганга аракет кылдык.

 

  1. Сенин башың дайыма кырылган боюнча жүрөт, таза жана өзүңдү жыттуу алып жүрүшүң керек.  (эгерде бул пункту аткарбасаң, анда калганын окубай эле кой – жөн эле текке кетет).

Image result for бритый солдат

 

2.  Чөнтөккө эч кандай нан, таттуу токоч жана башка даамдуу нерселерди салып жүрбөйсүң ( башында жегиң келет, бирок чыдаса болот, 2-3 айдан кийин көнүп кетесиң), сага туугандардан, эки жактан келген тамактарды эч качан балдардан катып жебешиң керек.

Image result for солдат голодный

 

3. Сен армияда чогуу кызмат өтөп жүргөндөргө эч качан буга чейин кыйын боксёр ( дзюдочу, каратэ менен кыйын машыгаарыңды жана крим авторитет байкең бар экенин)  айтпайсың.

Image result for солдат каратист

 

4. Өзүңдү алдан тайган сыяктуу алып жүрбөйсүң, сүйгөнүңдүн сүрөтүн жүрөгүңө койбойсуң жана башка үйгө көрсөткөн кыялдарыңды көрсөтпөйсүң.

Image result for солдат

 

 

5.Өзүң менен тең келгендерден биринчи, чоңдорго жагынам деп ойлобойсуң.

Image result for солдаты

 

 

6. Денеңе мозоль жана башка майда барат нерселер чыкса, медициналык бөлүмгө чуркап барбайсың.

Image result for солдат

 

 

7. Иштегенден качпайсың, эгерде качсаң бул жумушту сенин ордуңа сенин жолдошуң же болбосо андан улуу бирөө жасап калат.

Image result for солдаты работают

 

8. Ар бир таяк жеген сайын даттанып барбайсың.

Image result for избитый солдат

 

 

9. Эч качан жолдошторуңдун оокаттарын уруксатсыз албайсың. Өзүң да сараң болбошуң керек.

Image result for щедрый солдат

 

 

10. Сенин физикалык жактан алсыздыгың, мааниге ээ эмес.

Image result for отжимание солдат

 

 

Тандоо албетте өзүңдүн колуңда; бул амалкөй эрежелерди аткарсаң, сенде армияда кызмат өтөөдө  баары жакшы болот. Эгер аткарбасаң анда армиянын эң оор жазасын аласың. Өзүң ойлонуп көр!

Image result for солдаты друзья