Аскат Мусабеков: «Көп нерсени сабырдуулук менен жеңем»

 

image (12)

 

Өзүмдү шакирт тарбиялаганга даярдап жүрөм. Менин устатым , залкар инсан – Улукмырза Полотов. Агайдан мен көп тарбия алдым. Ырчы катары да, адам катары да тарбиялады. Негизи устат менен шакирттин мамилеси ата-баладай болуш керек  деп ойлойм.  Мен дагы, агайымдын жолун жолдоп шакирт тарбиялагым келет. Бул дагы буюрса келечектиги максаттарымдын бири.

 

image (13)

 

Кыргыз эли өзү сөз баккан, сөз кадырлаган эл болгон. Биз нукура кыргызча тарбияланып чоңойдук. Айыл дегенде Элмирбек Иманалиевдин айыл жөнүндө жазган ыры эсиме келет.

Атаң көрү шаар деген, шаар экен да,

Шаардын чоңу болбойт, тар экен да.

Түк бири – бирин тааныбаса адамдарга,

Түртүшкүлө деп турчу жай экен да.

Салам айтсаң улууга, ким элең? дейт.

Сакалдуусу деле бир жан экен да,

Эки волга айдаган шаардыгыңдан.

Эшек минген айылдык бай экен да

Шаар дегениң, ээ көрсө шаар экенда,

Шаардык деген бир байкуш жан экен да.

Байыса, кырыс өңдүү ынак таппай,

Жата калып шимирген булак таппай.

Минүүгө эмес, көрүүгө бир ат таппай,

Шаар деген, эң кокуй күн шаар экен да.

Айылым келет эсиме сыздап анан,

Андагыдай сезимдер кыйнабаган.

Агалар бар Мурадил, Сардар деген,

Алар уктап атканда ыйлап алам.

Балалыктын андагы кызыгы ай,

Баткан күндүн артында кызылындай. – деп бекер жазбаса керек.

Бул ыр  мен өңдүү айылдан келип, шаар турмушуна көнгөн адамдарды сүрөттөгөндөй. Кут – берекенин баары айылда. Айылдык болуп төрөлгөнүмө сыймыктанам.

 

image (14)

 

Мен Ат –Башынын, Ак – Моюн айылынан болом.  Абыш Койчуманов орто мектебин бүтүргөм. Чоң атам – Жунусов Манай деген киши. Өмүр бою агартуучулук майданында иштеди. Учурда көзү жок. Манай атамдын атынан, 4 жылдан бери мектептин жакшы окуган окуучуларына жана мугалимдерине стипендия уюштуруп келебиз.

 

image (15)

 

Жаз – деген куштар сайрап, өзүнчө бир кереметке бөлөнгөн мезгил. Жаз мезгилинде менин чыгармачылык эргүүм ойгонот. Май айы — мезгилдин перзенти деп айтылат. Ойлоп көрсөм,  дайыма Бишкек шаарында концерттеримди май айында берет экенмин.

 

image (16)

 

Кесибимдин аркасы менен көп жерлерди кыдырдым. Мындан төрт ай мурун Корея Республикасына маданий – иш чара менен, Хан –Теңир фольклордук ансамбли болуп барып келгенбиз. Бул менин Кореяга болгон экинчи сапарым болду. Америкага барып келдик, өткөн жылы эгемендүүлүк күнүнө карата Малазияга барып келдим. Мунун баары чыгармачылыгымдын артынан деп айтат элем. Кудай буюрса, жакында Европаны көздөй концерттик тур менен сапар тартканы турабыз.

 

image (17)

 

image (19)

 

image (18)

 

 

Студент кезимде, 2007 – жылы, Казакстанда болуп өткөн, «Шабыт» деген сынакка катышкам. Сынакта, 64 казак анан жалгыз мен кыргыз болгом. Мага казак элинин элдик ырларын ырдайсың деп шарт койгондо, мен баш тартып, ырдабай койгом. Кантсе да, бул сынак мен үчүн чоң тажрыйба болду.

 

11091354_817869261620813_931581111726090099_n

 

 

Көп нерсени сабырдуулук менен жеңгенге аракет кылам. Маанайым чөгүп турган учурда, досторум менен, жакындарым менен сүйлөшүп алаксыйм. Балдарым менен тоого чыгып, эс алганды жактырам. Кыргыздын табияты, каны тоого жакын.

 

 

image (24)

 

Жаштарга айтаарым, бир гана жакшы нерселерди ойлонуп, позитивдик маанайда жүргүлө. Ыр окугула, китеп окугула. Азыр мүмкүнчүлүк абдан көп.  Убакытты жакшы гана нерселерге жумшагыла дээр элем.

image (27)