Арабыздан өтүп кеткен белгилүү жаш инсандар

«Өлүк  ыраазы болмоюн, тирүүнүн иши жүрбөйт»  деген кыргыз элинин макалы бар эмеспи.

Бүгүн  kurut.kg сайты, биздин арабыздан эрте өтүп кеткен биздин таланттуу байке, эжелерибизди эстөөнү туура көрдүк. Ырчы Гүлзат Батырканова, Фархат Кеңешбек уулу, жаш ырчы Микаэль, «Азия Микс» КВН командасынын оюнчусу Ренат Тентимишев, «Замандаш»  саясий партиясынын лидери Мухтар Өмүракунов. Жаш экендерине карабай ач ажал бизди таланттуу адамдардан айрып, жаны тынды. Алардын жасап кеткен эмгектерин кыргыз эли эч качан унутпайт.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Токтогул сыйлыгынын лауреаты Гулзат Батырканова, 42жаш курагында, күтүүсүз кырсыктан улам, арабыздан өтүп кеткен. Эже «Торгоюм»,  «Өзүңө гана», «Жубайыма»  ж.б. өлбөс чыгармаларды жаратып кетти. Сахнада 20 жылдан ашуун эмгектенген. Артынды бир уул, бир кызы калды. Гүлзат эженин жаркылдаган элесин биз эч качан унутпайбыз.

 

image (2)

 

shot0049_0 (1)

 

Өсүп келе жаткан жаштарга чоң демилге күч берип, жүрөгү кыргыз деп соккон, патриот мырза Мухтар Өмүракунов бүгүн арабызда жок. Арадан канча жыл өтсө да, бул жаман кабарга ишенен албай келебиз. Кыргыз эли Мухтар Өмүракуновдон көп нерсени күтчү эле. Айылдан чыккан карапайым жигит,  өзүнүн эмгеги менен баардык нерсеге жетип, Орусияда жүргөн кыргыздарды бириктирип, элине жерине дайыма патриот эле. «Замандаш» партиясын түзүп кетти. Эгер Мухтар Өмүракунов арабызда тирүү болгондо дагы көп нерселерди эли – жери үчүн жасабайт беле.

 

9262f7349aba42b6e01ba5876ce84a9f09238f73

 

Мухтар Өмүракунов Кубада эс алуу учурунда, 3 метр деңиз толкунунун астында калган. Кырсык учурунда 10 адам кайтыш болгон.

81b4132c812af179de10c15fa6bccf30f8a82fa2

 

Жаркылдап жүргөн, кайгылуу ырларды мыкты ырдаган ырчы Фархат Кеңешбек уулу, мындан 3 жыл мурун,  29 жашында күтүлбөгөн кырсыктан улам кайтыш болгон. Бул орду толгус жоготуу – бүткүл кыргыз эли үчүн күтүлбөгөн суук кабар болду.  Өкүнүчтүүсү, Фархат кырсык болоордон 5ай мурун үйлөнгөн эле. Фархат адам катары дагы мыкты инсан болчу деп эскеришет кесиптештери. Фархат Кеңешбек уулун кыргыз эли эч качан унутпайт.

Фархадтын жубайы, жолдошу жөнүндө төмөнкүлөрдү эскерет: «Баш кошуп, той өткөн соң Фархад тогуз бир туугандын кичүүсү болуп, эрке уул болсо да ал айылда жашаган жок. Экөөбүз Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өз алдынча жашачубуз. Кайын атам мындан эки жыл мурун каза болуп калгандан кийин Фархад чыгармачылыктан бир аз алыстап, «Азырынча бир аз тыныгуу алып турайын. Атамдан айрылган соң, кайра ырдап чыкканым туура эмес болуп калат. Үйлөнүп, акча топтоп алып шоу бизнеске кайрылып келем» деп бизнеске кирип кетиптир. Баш кошкондон кийин деле ошол бизнеси менен алектенип жүрдү. Экөөбүз беш ай гана жашасак да, ал айлар, өткөн күндөр мен үчүн абдан кызыктуу өттү. Абдан бактылуу элек. Фархад абдан көп балалуу болууну каалачу. Алдыга койгон көп максаттары бар эле. Анын баарына жетпей калды. Фархаддан жаңыдан көнүшүп, ысыгыбыз таркай электе айрылып калдым (көзүнө жаш ала)… Кудайга керек адам болгон экен. Канча азап тартып, арман кылсам да кайра кайрылып келчүдөй эмес… Эмнеге мени жалгыздыкка таштап кеткенине түшүнбөйм».

 

62431_1

 

«Азия Микс»  КВН командасынын оюнчусу, Ренат Тентимишовду  көзүбүздөн жаш алмайынча эскере албайбыз. Ренаттын бул дүйнөдөн өткөнүнө 4 жылдын жүзү  болду. Шайыр, дайыма позитивдүү жүргөн  Ренат күтүүсүз жерден жүрөк оорусунан кайтыш болгон.  Ренат ата-энесине мээримдүү, бир туугандарына кайрымдуу, кайсы жерде жүрсө да, ошол жерде дайыма ийгилик жаратып жүрчү деп эскиришет жакындары. Азыр арабызда тирүү болгондо кыргыз маданиятына чоң салымын кошпойт беле. Аттиң…азыр эми Ренатты эскерүүдөн башка айла жок…

 

971487_391126837666245_782828238_n1

 

 

Жаш ырчы Микаэль,( чын аты Мирлан Даутов), 24 жашында киши колдуу болуп каза болгон. Жаш эми гана сахнага чыгып, телеберүүлөрдү алып барып келе жаткан таланттуу жигиттин арабыздан өткөнүнө 7 жылдын жүзү болду.Ал  шоу-бизнесин Москвадан улантам деп аткан тилегине жетпей калды.

 

9af80a8413ff4e61f0b513cd9cb2562b