Алла Пугачеванын жашоосундагы мырзалар тууралуу

1c27ca419b305b6450d31dd9673be1c9__1440x

Миколас Орбакас (1969- жылдан тартып, 1973 -жылга чейин чогуу жашашкан)

Биринчи официалдуу жолдошу болуп, Кристинанын атасы Миколас Орбакас болгон. Алар эстрадалык цирк училищасында таанышышкан.

Миколас Орбакос циркте артист болуп иштечү. Келечектеги примадонна , жолдошунун фамилиясын официалдуу түрдө алып жүргөн.

Экөөнүн ажырашусуунун себеби, Алла Пугачеванын атактуулукка карай бет алганы болгон.

6f4f900d84332fcdfe9f57a153531df8__980x

6f90a29b3513caadeb57f0740550c7b6__980x

Павел Слободкин (1974 — жылдан 1976-жылга чейин чогуу жашашкан)

Павел  Алладан кем калбаган легендарлуу музыкант болгон. Алла Пугачеваны биринчи атак-даңкка жеткирген  «Арлекино» ырын ушул музыкант жазып берген. Бул ыр бүтүндөй Чыгыш Европанын көңүлүн бурган.  1966- жылы таланттуу музыкант, «Веселые ребята»  коллективин түзөт. Бирок, эки жылдан кийин бул үй-бүлөлүк союз да урайт. Мунун себеби, Слободкиндин Пугачевага кол көтөргөндүгүн айтышат. Ошондон кийин, 28жаштагы Алла бул жолдошунан кетет.

9c0585f93461409b59b509b538862c32__980x

Александр Стефанович (1976-жылдан, 1980-жылга чейин чогуу жашашкан)

Ленинградтык режиссер Александр Стефанович менен Алла Пугачеваны Леонид  Дербенов аттуу акын тааныштырган. Бир топ убакыттан кийин Алла ага турмушка чыгат. Ырчы экөө үч жыл чогуу жашашат.

-«Алла, менин жашоомдо кыска бирок нуска эпизодту ойноду»-дейт бул жолдошу.

a070c70f88e5cdc743b03f6f0633d16e__980x

 Евгений Болдин (1985 –жылдан,1993-жылга чейин чогуу жашашкан)

Ак чачтуу бул мырза Алланын концерттик директору жана продюсери болуп иштеген. Алардын мамилелери сүйүүгө бара-бара  үйлөнүүгө жеткен. Алла Пугачева бул жолдошу менен 8 жыл жашап, ал убактын рекордун койгон. Евгений менен ажырашкандан кийин, Алла «Сильная женщина» аттуу ырын ырдап чыккан. Ал ырда «Крикну, а в ответ тишина.  Снова я осталась одна» деген ыр саптары бар.

f7b0e968035bab76e1e5c3fd1454bf31__980x

 

Владимир Кузьмин (1988 — жылдан, 1990 — жылга чейин чогуу жашашкан)

Пугачеванын жашоосунда эң белгилүү, эсте калаарлык сүйүү романы таланттуу музыкант Владимир Кузьмин менен болгон.

Пугачева менен таанышкычакты, ал бүткүл өлкөгө таанылган музыкант болгон. Алла муну менен өзү жолуккусу келип, анын концертине барат. Экөөнүн сүйүү романы эки жылга гана созулат.

54e81f35facdf72e92bcdfbb22fe1f32__980x

85180386b17c279af179056587b6ac5f__980x

 Сергей Челобанов (1990-жылдан,  1993- жылга чейин бирге болушкан)

1991 –жылдын ноябрь айында «Незваный гость» аттуу Сергей Челобанов менен Алла Пугачева экөөнүн клиби чыгат. Москвага поп-жылдыз болууну самап келген, бул мырза менен Пугачеванын романы тууралуу айың кептер тарай баштайт. Челобанов спирт жана андан күчтүү нерселерди көп колдонот.

Пугачева менен ажырашкандан кийин, Челобанов таптакыр эле сахнадан алыстап кеткен.

17183ba95b51267ec440e6763154eb94__980x

21a36cbb13e85087647e4211dbac644b__980x

Филипп Киркоров (1994-жылдан,  2005-жылга чейин чогуу жашашат)

Россия эстрадасынын поп-королу аталган Филипп Киркоров примадоннанын артынан жакшы эле чуркаган. Филипп Санкт-Петербургда гастролдоп жүргөндө 1994 – жылдын март айында күтүлбөгөн жерден баш кошушат. Никелешүү күбөлүгүн Санкт-Петербургдун мэри өзү тапшырат. Алла Пугачеванын паспортуна мөөр койоордо, «балдары» деген баракчага басууга туура  келген, себеби «үй-бүлөлүк абалы» деген баракчада орун жок эле. Алар чогуу 11 жыл жашашкан.

b62990e28a95455810cd76a4cf417c38__980x

 Максим Галкин (2011-жылдан бери)

Тагдырдын тамашасы дегендей, Максим Галкин менен, Алла Пугачеваны 2001-жылы июль айында, Филипп Киркоров тааныштырган. «Славянский базар»фестивалында, Галкиндин жеке концерти болот. Калыстар тобунун мүчөсү болуп,  Алла Пугачева отурат. Максимдин айтуусунда, бул бир көргөндөгү сүйүү эмес. Сүйүү кийинчерээк башталган дейт.

Бул эки кош жылдыз атайын төрөтмө жол аркылуу — Гарри жана Лиза аттуу балдардын ата-энеси болушат.

a81c4ac210aedb584bdc626e753c5f27__980x

1

11