Айлана суктангандай кылып өзүн өзгөрткөн 10 адам

“Жаңы жашоону дүйшөмбү күнү баштайм” деген демек эч качан баштабайм дегенди билдирет. А бирок күчтү топтоп, эрктүүлүктү даңазалап өзүнүн келбетин укмуштуудай кылып өзгөртүп, айлананы таң калдырган адамдар аз эмес. Аларды караганда суктануу гана сезимдер ойгонот.

Ɵзгɵрүүнү ɵзүӊдɵн башта

“Жаңы жашоону дүйшөмбү күнү баштайм” деген демек эч качан баштабайм дегенди билдирет. А бирок күчтү топтоп, эрктүүлүктү даңазалап өзүнүн келбетин укмуштуудай кылып өзгөртүп, айлананы таң калтырган адамдар аз эмес. Аларды караганда суктануу гана сезимдер ойгонот.

 

Эрика Луго: минус 68 кгerika-lugoАрыктоо Эриканын чечилгис башкы маселеси болуп келген. Бирок чечүүчү кадам анын баласы жерде жаткан оюунчуктарды алып берүүсүн суранганда келип чыккан. Көрсө, ал үчүн жерге ийилип бир нерсени алуу абдан оор болгон. Ошондо баласынын алдында уялганынан арыктоону чечкен. Алгачкы кадамы интернеттен фитнес – тиркемени көчүрүп алып, аны кайталап жасоодон башталган. Талыкпаган эмгек сиз көргөндөй мыкты жыйынтык алып келди.

 
Жюстин МакКейб: минус 56 кгzhyustin-mkkejbЖюстиндин апасы жана жолдошу каза болгондон кийин катуу депрессияга кабылган. Ошондо анын салмагы 141 кг чейин жеткен. Ал бир жолу психолог менен болгон маектен соң Жюстин жашоосун жана өзүн өзгөртүүнү каалап, күнүгө спорт залга бара баштаган. Ал күнүмкү жыйынтыкты сүрөткө тартып киргизүүдөн баштап, сиз көргөндөй болуп өзгөргөн.

 
Рози Меркадо: минус 113 кгrozi-merkadoАшыкча салмакка карабастан Рози моделдик кесип менен алектенип келген. Бирок кымча белди самаган модель айым талыкпай эмгектенип, диета кармап, спорт залга барып жана хирургиянын жолу менен бир нече жылдын ичинде 113 кг га арыктаган. Розинин айтымында ар бир адам сулуу болууга татыктуу.

 
Карли Джей: минус 63,5 кгkarli-dzhejКарлинин айтымында ал 26 жашында өзүн 80 жаштагы кемпирдей сезип келген. Себеби, 160 см бой менен 127 кг айкалышы мүмкүн эмес. Ошондо мен өзүмдүн денемди өзүм башкаруу тууралуу чечим кабыл алдым. Менин каалоом бир түндө эле келип калбасын түшүндүм, ошентип талыкпай спорт жана диетаны кармап жыйынтык мен каалгандай болду.

 
Жаклин Адан: минус 159 кгzhaklin-adanЖаклин Диснейленддеги труникетте тыгылып чыга албай калып коомчулуктун шылдыңдоосуна кабыл болгон. Көптөн күтүп жүргөн саякат жагымсыз сезимдер менен аяктаган. Ошондо, Жаклин ойлонбой туруп арыктоону чечет. Көп жылдар бою спорт жана диета менен достошуп, таң калычтуусу 159 кг га арыктаган. Анын айтымында тынбай эмгектенип жана ишенсе сөзсүз жыйынтык чыгат.

 
Ребекка Графтон: минус 45 кгrebeka-graftonАл бала чагынан ашыкча салмак менен күрөшүп келген. 21 жашында 111 кг болуп өзүн жек көрүп жашоонун кызыгы тараган. Бирок Ямайкага болгон сапар баарын өзгөрткөн. Анын айтымында, арыктоонун эч кандай формуласы жок, болгону спорт жана диета гана жыйынтык чыгарат.

 
Зак Мур: минус 136 кгzak-murЖүрөк оорудан каза болуп калайын деген Зак арыктоону чечкен. Анткени, ал каза болуп калса анын үй-бүлөсүн эч ким колдоп, каралашпайт эле. Ошондо ал балдары жана жубайы үчүн жашоодогу эң чоң чечимди кабыл алып алкаголь, тамеки жана фаст-фуддан баш тартат. Бул чечимин жубайы колдоп чогу сейилдеп жана чуркап башташат. Жыйынтык өзүңүз көргөндөй суктандырат.

 
Дайан Нейлор: минус 102 кгdajan-nejlorДайан пенсияга чыгаар алдында 180 кг болгон. Ден соолугуна байланыштуу ал дайым чарчаңкы болуп жүргөн. Ошондо, теле-шоунун бириндеги көрсөтүүдө арыктоону чечкен. 4 жыл талыкпаган эмгек өзүн көпкө күттүрбөй келип, ал 102 кг га арыктаган.

 
Клэр Лоу: минус 45 кгkler-louКлэр арыктоо чечимин балдарын эрктүүлүккө тарбиялоого үйрөтүүдөн баштаган. Ал мурда бир күндө 5 пакет чипсы жесе, бүгүн 100 каллорийден ашпайт. Фитнес менен машыккан айым бүгүн 45 кга арыктаган.

 
Кристин Картер: минус 68 кгkristin-karter28-жаштагы Кристин арыктоо үчүн күнүгө 10дон ашуун дары-дармек, жума сайын врачтын көзмөлүнөн өтүп келген. Бирок эч майнап чыккан эмес. Айымдын жигити дагы анын арыкташын каалган эмес. Себеби, Кристин арыктаса аны таштап кетет деген ой турган. Бирок баарын артка таштап Кристин тамак ашын көзөмөлгө алып, диетаны кармап, машыга баштаган. Жыйынтыгында ал 68 кг арыктаган.