400дөй адам иштеген, космос стилиндеги үлпөт той

Үйлөнүү үлпөткө камданган эки жаш, өздөрүнүн үлпөт тоюн өзгөчө кылып өткөрүү максатында, атайын  TOWELOVE Wedding аттуу үлпөт той даярдоочу агенствого кайрылышат. Бул даярдануу жарым жыл убакыттан кийин эки жаштын  айнек тепкичтин 2 – чи этажына чыгуусу менен аяктайт.

Алдыңыздарга, космос түрүндөгү үлпөт – шоу жөнүндө баяндап бермекчибиз.

25186215-2-1484649545-1000-807fd83a43-1485334723

Келген коноктор чакыруу катары, көркөмдөлгөн космос сектор жөнүндө маалымат камтылган дискти, кийим кодексин (дресс код),  жана үч күндүк жайгашчу жерин алышкан.

25185965-4-1484650049-1000-578fe377bd-1485334723

Мейманкананын оозунда конокторду атайын космос стилинде  кийинген кыздар тосуп алып жатышты. Уюштуруучулар уч кун бою жардам берип жүрүштү.

25186165-1-1485075238-1000-84ba1ea3ea-1485334723

Декораторлор,  жөнөкөй мейманкананы планета аралык мейкиндикке айландырууга туура келди. Бул үчүн алар бүт дубалды кара материал менен ороп чыгып, ортосуна тепкичтер менен курчалган 4 подиум орнотушкан.

25186015--1485075140-1000-84ba1ea3ea-1485334723

Эң кызыгы экөөнүн жолугушуусу болду. «Айдын жолу» менен басып келген мырза , «күн нуру тартылган» жол менен басып келген өзүнүн колуктусун эң бийик чокудан тосуп алды. Булар үчүн үй-бүлө деген жаңы дүйнө, ушинтип башталды.

25186115-3-1484649965-1000-578fe377bd-1485334723

Келген коноктор балкондон көз чаптырып отурушту. Акробаттык оюндар, стилдүү бийлер көрсөтүлүп жатты. Келген коноктор, артисттер бул көрүнүшкө тойбой , суктанып  жатышты.

25186315-6-1484650139-1000-807fd83a43-1485334723

Бул салтанатка 250  конок келген.

25185865-2-1485075353-1000-84ba1ea3ea-1485334723

Столдун үстүнө күмүш түстүү дасторкон салышып,коноктор  тунук, кристалл сымал отургучтарга отурушту.

Уюштуруучулар башка планетанын токоюн чагылдырышкан. Бул токой «Аватар»  кинотасмасын эстеткендей болду.

25186265-7-1484650197-1000-807fd83a43-148533472325186365-8-1484650240-1000-807fd83a43-1485334723

Өзгөчө көңүлдү жаштардын столу бурду. Атайын эскиз менен бул зонага тоңгон, тунук үңкүр жасалган. Столдун үстү жагын күзгү сымал сыяктантып, тоңгон көлдүн элеси көрүнүп  турду.
25186515-9-1484650279-1000-578fe377bd-1485334723

Аягында торт келди. Күн системасын чагылдырган бул торт, бүгүнкү күндүн тематикасына шайкеш келип турду.

25186415--1485074759-1000-84ba1ea3ea-1485334723

Аягында майрамдык өзгөчө фейерверк да, космос стилиндеги үлпөт тойдун ого бетер көркүн ачты.