Топ — 5: Кыргызстандагы касиеттүү дарылануучу жерлер

 

Кыргызстанда дарылануучу жерлер бир топ эле. «Колдо бар алтындын баркы жок»  дегендей кээде ал касиеттүү жерлердин баркын да билбей кетебиз. Алардын дарылык касиети өтө эле күчтүү. Чет жерден келип дарыланам дегендер чекесинен чыгат. Анда эмесе, алдыңыздарга мекенибиздин касиеттүү 5 жерин жазып өттүк.

 

 

Чоң Туз

 

image (36)

Кочкор районунда жайгашкан Чоң Туз табигый  дарылануучу жер бар. Бул жактагы санаторий 1980-жылдан бери дарылануучуларды кабыл алып келет. Андан кийин,бул жак менчиктештирилип кетип, чет жерден келген дарылануучулар көбөйүп кеткендиктен, баасы да көтөрүлүп жергиликтүү тургнударга дарылануу кыйын болуп калгандыктан элдер нааразы болуп, жыйынтыгынды санаторий талап-тоноого дуушар болгон.

 

image (37)

 

Бул жер негизи остеохондроз, астма, бронхит, ар кандай муун оорулары менен жабыркаган адамдарга эң жакшы дарылануучу жер. Ичинде туздуу көлмө да бар, ал туздан тургандыктан адамдар чөкпөй, калкып турат.

 

Чоң туз»шахтасы – дем алуу органдарынын өнөкөт ооруларына кабылган адамдарды дарылоочу жай. Бирок аталган оорулардын ичинен дем алуу органдарынын өнөкөт оорусу курчуп, күчөп турган мезгилде дарыланам деп келгенге болбойт. Себеби шахтанын ичи салкын жана жаз, күз мезгилдери суук келет. Мындай жагдайда дем алуу органдары, өпкөгө ого бетер суук тийип, күчөп кетиши мүмкүн. Негизинен, ооруканага астма, бронхиалдык астма менен ооруган адамдар кайрылып, дарылануу курстарын алып жатканда көп өлчөмдөгү дарыларды кабыл алышат. Ал жакта дарылануунун адамга пайдалуу жактары көп болгону менен, кургак учук, нефрит, гломерулонефрит, онкологиялык оорулар, бруцеллёз, ревматизм, полиартрит, лейкемия оорулары менен жабыркаган адамдарга тескери таасирин берет. Ошондой эле 65 жаштан жогорку кары адамдар, кош бойлуу аялдар барбай эле койгону оң.

 

image (38)

 

Туз Көл

167_1920x1080-1200x675

 

Адамдар, тери оорулары, муун оорулары, ар түрдүү аллергияга чалдыккандар өз алдынча дарыланышат. 2001-жылдан бери Кыргызстандан эле эмес, коңшу өлкөлөрдөн да келип эс алышат. Көрүнүшү анчалык чоң орунду ээлебейт. Айланасында чычырканак, тикенектүү бадалдар өскөн. Жээгинде кара жана жашгылтым дары баткактар бар, келгендер шыбанып, күнгө кактанат. Таң калычтуусу, суунун ичинде абдан жылуу жана муздак агым. Же түбүнөн ысык булак чыгабы?..

55ae8131153d4

 

Туз көлдөн суу агып чыкпайт, суу агып кирбейт. Кургакчылык болгондо суу кадимкидей тартылганы байкалат. Жаанчыл болбогон жылдары Туз көл тартылып калат деп тынчсызданган адамдар да жок эмес. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, кышкысын суу тузсузданып, тоңгондо үстүнө чана тепкенге болот. Балдардын диатез, «пелёночный дерматит» ооруларынын алдын алуу максатында жаңы төрөлгөн ымыркайларды туз көлдүн суусун алып келип жуундурушат. Жайкы эс алуучулардын көп келгенинен уламбы, суудагы майда жандыктары жок болуп кетти. Мүмкүн суу ошол курттар менен дарыдыр. Мекендеген канаттуулар да үрктү, себебин түшүнбөйбүз,-дешет кызылтуулуктар.

 

c52fb1766ba56c39ef0718a3b78735d1

 

 

Кожешкен жылуу суусу

Бул ыйык жер Айдаркен шаарчасынын Түштүк-Батыш тарабынан чыкканда 15-20 км, ал эми Зардалы айылынын Түштүк-Чыгыш тарабынан 10-12 км алыстыкта. Бийик тоолордун арасында жайгашкан Кожешкен өрөөнү тоолор ортосундагы жайык болуп, бул жердеги айыл арасындагы дары булак да Кожешкен деп аталат.

Кожешкен жылуу суусунун башка жылуу суулардан айырмасы, ал тегиз жерде жайгашып, зыяратчылар дарыланууга жана эс алууга ыңгайлуу. Бул жердеги жылуу сууга муун, ашказан, астма, жыныстык ж.б. оорулардан азап чеккендер барып дарыланып, сакайып кетишет.

Жылуу суунун сөөлдү кетирүүгө да кудурети жетет. Кожешкендин салкын абасынын да дарылык касиетинен улам, астма оорусу менен ооругандар сууга түшүп, абасынан дем алып, сакайып кайтышат. Зыяратчылар дарылануу алдында кан чыгарып, куран окуп, бата кылышат.

Кожоматил-Бува

Кожоматил-Бува  мурунку Роут ( азыркы Баткен районунун Кайыңды) айылынын күн батыш жагында жайгашкан.Бир кубдун үчтөн бир бөлүгүндөй болгон чоң булак бар.Анда бир тегирмен суунун ондон бир бөлүгүнчөлүк суу бар. Ошондой эле 20-30 дарак, анын ичинен, бир көк терек жана арчаны ыйык санашат. Бул мазарга тери,сөөл,кычыткы,кулак оорулары менен ооруп жүргөндөр келип, суусуна жуунушуп, ооруларына шыпаа таап кетишет.

«Даңгар-Ата», «Көтөрөң»

Кара-Булак  айылынын  күн  батыш  тарабында  дагы бир «Көтөрөң»мазары бар. Бул эки мазардын касиеттери окшош болгондуктан жергиликтүү дарыгер-табыптар дарылоону жасоодо «Көтөрөң мазар-көк азиз, Даңгар-Ата-дак азиз» деген  сөздөрүн колдонушат. Табыптар сасык тумоо,тери,жыныс  ооруларын  ушул мазарларга алып келишип дарылашат. Айрым ынтымагы кетип,турмушу куралбай жаткан үй-бүлөнүн ынтымактуу болуп жашашы үчүн дарыгерлер ушул мазарга алып келип, жол-жобосун кылышат.