Каракол уксусунун жаралуу тарыхы

Кыргызстандын Каракол аймагына барган киши сөзсүз түрдө, аш-лямфу жебейин кетпесе керек. Аш-лямфунун мекени болгон Караколдо, өзгөчө уксус да бар. Бул уксусту «ырдык уксусу» деп аташат. Ал эми бизче «ачуу уксус» болот. Бул уксустун даярдоо ыкмасын, технологиясын дунгандар Кытайдан барып алып келишкен.

 

1018021927

 

Кошулмалары жөнөкөй болгону менен,  бул уксусту даярдоо баарынын эле колунан келе бербейт.

Уксустун даярдоо ыкмасын, кожоюндар мундан-муунга өткөзүп келишкен. Эң кызыгы, эгер уксусту өзүңдүн көңүлүң менен, жумушту сүйүп жасабасаң даамына келбей калат.

 

Демек, каракол уксусунун кошулмаларына эмнелер бар болду экен? Мунун сырын, эч ким деле катпайт. Буга ундун  кебеги жана суу керектелет.

Биринчи кебекти алаардан мурун, бөлмөнүн ичин жакшылап тазап алуу керек. Бул бир гана санитардык тазалык болбостон, бөлмөнүн аурасын дагы тазалоо керек. Даярдоо ашканага чоочун адамдардын киргенине болбойт. Кебекти салуучу жащик жыгачтан болуусу керек, ал эми тактай (доска) 5 см кем болбой, суу – керектүү температурада кармалуусу керек.

Эң башкысы — ачыткы. Кычкылдантуу үчүн сөзсүз түрдө ачыткы керек болот. Мурунку мастерлер дайыма ачыткыны даяр алып жүрүшкөн. Ачыткыны таза кагазга ороп, андан кийин кызыл кездемеге оролот. Мунун себеби, жаман шайтандардын жолобосу үчүн, андан сырткары, байлыкты чакыруу максатында. Ороп даярдагандан кийин, алысыраак жерге коюшкан. Ачыткы улам жаңыртылып турган. Эки жакта жүргөндө да ачыткыны дайыма жанына ала жүрүшкөн. Себеби, ачыткысыз уксус даярдоо мүмкүн эмес.

Азыр бул дунган уксусун даярдаган чыныгы мастерлер азайып бара атат.

 

?????????????

«Хархун сы цу дифон», — Караколду дуңгандар ушинтип аташкан. Каракол дегенди «хархун» дешкен. Которулуш мааниси: «Каракол – уксустун мекени». Бул чындыгында ушундай.Себеби,  Караколдон кетип, башка жакка барып ушул эле уксусту жасаганда окшошпой калган.Чүйгө, Казакстанга кеткен кыйын мастерлер дагы дал ушундай кылып, даамын өзгөртпөй жасай алышкан эмес.

Мунун сыры, абанын климатында жана сууда. Кулжада, Тескей-Күнгөйдө абдан жакшы жасалат. Негизи уксустун кошулмалары Караколго ушул Тоо тараптан келген деп айтылат.

Бүгүнкү күндө  Үрүмчүдө жана дунгандар жашаган Санж жана Шихэз шаарларында жана Бишкекте кадимки соя уксусу күч алган. Бирок, ундан жасалган  «эрдехди цу» же болбосо Караколдун уксусу өз кардарларын жоготпой келет. Көлдө сезон учурунда, көптөгөн коноктор келип, атайын өздөрүнө , туугандарына арнап бул өзгөчө уксустан бир нече литрлеп сатып алып кетишет.

Караколдун бул уксусу – дайыма Каракол ашканасынын менюсунан түшпөй келет.