1 — апрель күлкү күнүнүн келип чыгышы

1-апрелде көпчүлүк өлкөлөрдө жакындарын, тааныштарын, досторун, туугандарын тамашага салып, күлдүрүп, кээде ачууга да  тийип кетишет. Бул күн расмий түрдө белгиленбесе да,  тамаша даярдалат. Орусияда ,Жаңы Зеландияда, Ирландияда, Улуу Британияда, Австралияда жана Түштүк Африкада бул күнү түшкө чейин бирин-бири тамашага салат. Эгер түштөн кийин тамаша кылгандар болсо «апрелдин келесоосу» аташат экен.

 

depositphotos_36631585-stock-illustration-cartoon-man-laughing

 

Бул майрамдын келиши жөнүндө ар ким ар кандай божомолдорду айтып келет: Европада бул күн он алтынчы кылымда жаңы жыл катары майрамдалчу экен. Кийинчерээк Француз королунун буйругу менен жаңы жыл 1-январга жылат. Көнүп калгандар болбой эле 1-апрелде жаңы жылды тосо беришет. Бул күнү жаңы жыл тоскондор «1-апрелдин  келесоолору» деген атка конуп, шылдыңга туш болушкан. Францияда бул күнү элдер бири – бирине бош кутучаны белекке беришип, тамашага салышат. Ал эми дагы бир божомолу бул, Неаполдун королуна жер титирөөнү сезген балыкты кууруп келишкен. Бир жылдан кийин ал король ошол балыкты дагы жегиси келип буюрат. Бирок ашпозчу андай балык таппай башка эле балыкты мурдагысындай кылып кууруп, жасалгалап королдун алдына коет. Башка балык экенин сезген король ашпозчуну урушмак түгүл боору эзилгенче каткырыптыр. Ошондон бери 1-апрель күлкү күнү аталып калган деген имиштер айтылып келет.

 

Без названия

 

 

Элмара Турсуналиева, ди-джей:

 

13256055_1715432012061093_8541356580658100856_n

 

— Күлкү күнүндө белгилүү ырчы Улан Качкыналиевди тамашага салдым. Ал буга чейин менин бир чоң керегиме жарап бергендиктен, аны бир күнү өзүм сыйлайм деп убада берген жайым бар эле. Ушул күнү ага телефон чалып, «Уланбай, жакшы турасыңбы, бая берген убадамды кармап чайга чакырсамбы деп турам, бир сааттан кийин «Фаиза» кафесине келип кал, күтөм» дедим. Ал иштерим бар эле, кантсем экен дейт. Ой-боюна койбой, келбесең болбойт, дагы биртоп кишилер келет, жай отуруп чер жазалы, көптөн бери көрүшө элекпиз деген сөздөрдү айттым. Ортодон эки саат өткөндөн кийин Улан мага телефон чалып, мен келдим, кай жакта отурасың дейт. Залга кир десем, кирдим, эми каягындасың деди, мен бурчта отурам, сени көрбөй жатам, колуўду булгала, эми бери бас, түз кел, кайрыл деп мазесин кетирдим. Биртоп ары-бери бастыргандан кийин Улан, бүгүн 1-апрель тамашалап койгом десем, жини келип, ушунуң болбойт да, болгон костюм-шымды кийип жасанып, үйдөгү даяр тамакты таштап келгем деп наалыды. Азыр жетсем башыңды гана жулам деп биртопко чейин жинденди.

 

Аскат Мусабеков, ырчы:

 

eventskg-40

— Студент кезимде 1- апрелге бир-эки күн калганда бир байке телефон чалып эки күндөн кийин Ошко барып келели деп калды. Шарт эле макул дедим. Ошентип эки күн даярданып алып, айткан күнү таң атпай туруп, комузумду алып ал айткан жерге барып калдым. Ал кїн 1-апрель экенин деле элес албапмын, сабагыман да суранып алгам. Байкеге телефон чалып келип калдым десем, ал азыр барып калам дейт. Биртопко чейин күттүм. Дагы телефон чалдым. Аялдамада тургандыктан айланамда эл көп болчу. Ой, эмне болдуңуз? Мен тура беремби десем, мен деле келип калдым, кана, кайсы жерде турасың, колуңду көтөрчү десе, мына-мына деп эки жагымды элеңдеп карап, колумду көтөрүп коем. Бир маалда ал «Аскатбай, 1-апрелиң менен!» дейт. Тууй ата! Күйбөгөн жерим күл болду го. Көрсө бир-эки күн мурда даярданып алып, анан үйүндө отуруп алып чала бериптир да. Бир чети убара болгонум, экинчиден «грамотно» тамашалаганы үчүн көпкө чейин күлдүк. Ошондон кийин ушул күндөрү кичине сактанып калдым.