Өз өлкөсүнөн рахмат укпаган, Наргиз Закирова

Өзбек улутундагы Закирова Наргиз Пулатовна 1970 – жылы, 6-октябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында белгилүү музыканттардын үй — бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Азыркы учурда Москвада жашайт.

Апасы – Закирова Луиза Каримовна, 1960 – 1970 – жылдардагы популярдуу эстрада ырчысы.

Атасы – Мордухаев Пулат Смонович, бухардык еврей (1937-2013), Баатыр Закиров жетектеген ансамблынды барабанда ойногон.

Image result for фото Наргиз Закирова с родителями

Таятасы — Карим Закиров(1912-1977), опералык ырчы (баритон), Өзбек СССРнин Эл артисти, Өзбек Республикасынын Алишер Навои атындагы опера жана балет театрынын солисти болгон.

Таенеси — Шоиста Соидова — ырчы, элдик ырлардын аткаруучусу, Муким атындагы Ташкент музыкалык драм жана комедиялык театрынын солисти, Өзбек СССРнин эмгек сиңирген артисти болгон.

Таекеси – Баатыр Закиров (1936-1985), совет убагындагы өзбек ырчысы, жазуучу, акын, сүрөтчү жана актер. Өзбек СССРнин Эл артисти.

Image result for Карим Закиров фото

Таекеси — Фаррух Закиров, ырчы белгилүү «Ялла» ансамблинин көркөм жетекчиси болгон, Өзбек СССРнин Эл артисти.

Related image

Таекеси – Жамшид Закиров (1949-2012), совет элинин жана өзбек элинин театр жана кино актеру, алып баруучу, Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти.

Жолдошу – Филипп Бальзано, ырчы.

Image result for Наргиз Закирова с мужем

Наргиздин үч баласы бар. Үчөө үч башка жолдошунан, кызы Сабина, биринчи жолдошу (Руслан Шариповдон), баласы Ауель  экинчи жолдошу (Ернур Канайбековдон), кызы Лейла азыркы жолдошу Филипп Бальзанодон.

Image result for Наргиз Закирова с детьми

Биринчи жолу ырчылыкка карай жолун, Наргиз 4 жашында эле баштаган. 15 жашында белгилүү орус  акыны Илья Резниктин сөзүнө жазылган, музыкасын Фарих Закиров жазган «Помни меня» ырын, Юрмала фестивалында ырдап чыгып, ал жактан көрүүчүлөрдүн арзуусуна татыйт.

Республикалык цирк училищасынын , эстрада бөлүмүн аяктаган Наргиз, 1995 – жылы, үй-бүлөсү менен толук бойдон Америкага көчүп кетишет. Ал убакта Наргиз Өзбекстанда өзүнүн чыгармаларынын үстүндө катуу иштеп, бир топ эле белгилүү болуп калган. Наргиз үчүн бул сахнаны таштап кетүү өтө эле оор болот.

Башка өлкө, башка чөйрө… Америкага көнүп кетүү өтө эле кыйын болгон.

Ырчылык өнөрүн Америкага келгенде да таштабаган Наргиз, ресторандарда ырдай баштайт.

Image result for Наргиз Закирова в Америке

Ал эми дүйнөлүк атак-даңктын баскычын, 20 жылдан кийин басат. Тагыраак айтканда, 2013 – жылы Россиянын «Голос» телевизиондук проектисине катышып, катуу тааныла баштайт. Өзүнүн оригиналдуу үнү, эч кимге окшобогон имиджи менен калыстар тобун таң калтырат.

Бул сынактан экинчи орунду багындырган Наргиз Закирова, «Мен уткан жокмун, мен жеңдим» деп айткан.

2014 – жылы, апрель айынан баштап, продюсер Максим Фадеев менен биргеликте иштей баштайт.

Image result for Наргиз Закирова на сцене в четыре года

Сыйлыктары абдан көп.

Рок музыкасы Наргизге көбүрөөк жагат, бирок бул рок менен Наргиз өз өлкөсүнө кереги жок эле.

Image result for Наргиз Закирова финал нагграды

Наргиз өзүнүн таланты менен, бир топ элди таң калтырып, күйөрман топтосо, Өзбек эли аны колдомок тургай, өлкөсүнө киргизбей, бул кыз менен сыймыктанбай, а кайра уялышаарын жана мындан да башка жаман сөздөрдү айтып келишет. Себеби, бул анын тышкы келбети эле.

Image result for Наргиз Закирова

Image result for Наргиз Закирова

«Өзбек элинин кызымын деп айтпа», «Шайтансың», «Сени кислота менен күйгүзөбүз», «өлтүрөбүз» деген жаман сөздөр менен комментарий берип келишет.

Image result for Наргиз Закирова в журнале комсомол голая

Бирок, Наргиза бул нерселерге маани бербейт. «Кандай күндө да, Өзбекстан менин мекеним боюнча кала берет» дейт Наргиз.