Боксер Дастан Али Шаршеев: «Ар бир турнирге калпак кийип, желек көтөрүп чыгабыз»

Тай боксу боюнча Азия жана Евразия чемпиону (2013-2014), «Элдер достугу кубогу» турниринин жеңүүчүсү (2015), Russian Challenge «Grand Prix Moscow» эл аралык турнирдин эки жолку жеңүүчүсү, Москвадагы кыргызстандыктардын «Aikol FС» спорт клубунун машыктыруучусу, кикбоксер Дастан Али Шаршеев.

Жакында эле Казань шаарында өткөрүлгөн мелдеште калыстардын акыйкатсыз чечимине нааразы болуп, ринг аянтчасында калыстарга болгон нааразычылыгын ачык айтып, эр жүрөк, намыскөй жигит экенин көрсөткөн Дастан дайыма: «Биз кыргыздар, эч качан, эч нерседен коркпойбуз!» деген ураан менен жүрөт.  Бүгүнкү сөз мына ошол  азамат, патриот жигитибиз жөнүндө болмокчу.

 

Фото Дастана Али Шаршеева.

 

Спортко Кыргызстанда жүргөндө эле кызыгуум башталган. Алгачкы тренерлерим Кыргызстанда. Ал эми орусияга мени спорт алып келген. Бул жактан профессионалдуу машыга баштадым. Биздин жашообуз спорт менен байланыштуу. Спорт аркылуу биз Кыргызстандын өсүп-өнүгүүшүнө салымыбызды кошкубуз келет. Биз Кыргызстандын жараныбыз да. Ар бир турнирге калпак кийип, желек көтөрүп чыгабыз.

 

Фото Виктора Соколова.

 

12295294_1667849330153151_6874783075536767499_n

 

Мен башында Орусияда тренер болуп иштегем. Өзүмдүн юридикалык билимим бар. Спортчулар спорттон тышкары дагы кандайдыр бир багытта билими болушу керек.

 

11377380_1607394722865279_2479743187247572_n

 

Азия жана Евразиянын чемпионумун.Баардыгы болуп, 32 профессионалдык таймашка чыккам. Андан сырткары, чоң титулдук таймаштаргада катышып келем. Бул менен эле токтолуп калбайм, күчүм баорда уланта берем.

 

10922724_1586976508240434_5347198531629566469_n

 

Казанда өткөн беттеште калыстар туура эмес чечим кабыл алып коюшту. Негизи үч раунд таймаш болмок.

 

14991861_1819709534967129_4446264306829201090_n

 

Үчүнчүсүндө, мен атаандашымды нокдаун кылдым. Бирок анда аны рефери «эреже бузуу» катары эсептеп, атаандашымды тургузуп кетти. Төртүнчү раунд кошумча берилди, аны дагы биз жеңдик. Бул өзү масштабдуу өткөн престиждүү турнир. Чемпионатка мыкты спортчуларды алат, чемпиондук курга таймаш болот.

 

12734153_1049226771767153_6328766217863541671_n

 

Жыйынтыгында, атаандашымдын колун көтөргөндө, өзүмдү жоготуп койдум. Спортко көп убактымды арнайм, жаштыгымды арнайм, ошол себептен калыстардын туура эмес чечимдери мага катуу тийгендиктен, мен муну «акыйкатсыздык» деп атап, рингден кетүүдөн баш тарттым.

 

Фото Ирины Троицкой.

 

 

14332921_693454290822803_7327667708403457408_n (1)

 

Атаандашым деле бир кызыктай болуп, чыгып кетти.

 

12523967_1055962737782675_6598522932046050030_n

 

Негизи мындай адилетсиздик кыргыз спортчуларына буга чейин деле болуп келген. Көбүнчөсү айтылбай эле кала берчү. Мында мен өзүмдү кармай албай калдым. Мен рингде сүйлөп жатканда, кыргыздар мени колдоп жатканын уктум да, мени колдогондор бар экен, мен жалгыз эмес экенимди түшүндүм. Мени колдогон кыргыз элиме ыраазычылык билдирем.

 

Фото Виктора Соколова.