Сиз атыңызды айтыңыз, а мен сизге мүнөзүңүз жөнүндө айтып берем

Эсен

Кыргыздар бул ысымга “бек”,“бай”, “кул”, “аалы”, “келди”, “тай” деген мүчөлөрдү улап эркек балага, “гүл”, “бүбү”, деген мүчөлөрдү улап кыз балага ыйгарышкан. Атында айтылгандай, ата-эне мында жарыкка келген наристесинин аман-эсен чоңоюшун көздөшөт. Эсендер жашоодогу ийгиликтерге акырындык менен жетишишет. Булар үчүн үй-бүлө акыркы орунда турат. Үй-бүлө курууга ашыгышпайт. Көбүнчө ишке, карьерага, досторго маани беришет. Өздөрүнө ишенбей, өз мүмкүнчүлүктөрүн баалай алышпайт.

Арман

Бул ысымды чечмелөөнүн бир катар жолдору бар. Байыркы европа элдеринен калган ысым. Немистердин “герман” сөзүнөн алынган. Биздин тилде “күчтүү мырза же жоокер” деп которулат. Перс тилинде “кыял” дегенди түшүндүрөт. Ал эми түрк тилинде “орундалбай калган кыял”, “өксүк” деген маанини билдирет. Бул ысымдагы мырзалар жаштайынан искусствого жакын, айымдардын арзуусуна татыган сулуу, келбеттүү келишет. Булар ата-энесине өтө күйүмдүү, жакындарына жароокер, саясатты, шаңдуу кечелерди жактырбаган жандар болушат.

Бегай

Бегайым, Бегайлар сабырдуулук менен жашоонун ийгиликтерине акырындык менен жетишет. Алгач өз мүмкүнчүлүктөрүнө баам салып, андан соң алдына туруктуу максат коюшат. Турмуш курууда да өзү көксөгөндөй жар туш келмейин үй-бүлө курууга ашыгышпайт. Жан дүйнөсүндө төңкөрүшчү. Өзүнүн тегерегин, иш ордун тез-тез эле алмаштырып турууну жактырат. Колунан бардык иш келет. Анткен менен өзүнө ишене бербегендиктен өз мүмкүнчүлүгүн баалабайт. Үй-бүлө күткөндөн кийин камкор жубай аталып, мыкты кожойкеге айланат.

Арслан

Арслан-түрк элинен келип чыккан ысым. “Арстан” деген сөздөн алынган. Арсландар бала чагынан жүрөктүү, көп нерсени тобокелчиликке салып өзүн сынап көргүсү келген, тентек болушат. Эс тартканда иштерман, максатына жетүү үчүн аракеттенгендерден болуп чыгышат. Алар тартынбастан эл алдына чыгууну каалагандыктан артисттик өнөргө да ээ. Карьерасында жакшы жетишкендиктерге жетишет. Күчтүү уюштургуч жана мыкты башкаруучу. Жакындарына, кесиптештерине, досторуна опол тоодой тирек болот.

Тахмина

Перс тилинен которгондо Тахмина “бышык”, “чыйрак” деген маанини билдирет. Орто Азия жана Иранда бул ысым кеңири колдонулат. Бул айымдардын көпчүлүгү башка адамдарга өз маанайына жараша мамиле кылат. Өзүмчүл болушат. Ага карата сын айткандарды жана чечкинсиз, эки жүздүү адамдарды жактырышпайт. Максаттарына жетмейин жаны жай албайт. Дайыма өздөрүнө ишенишет. Тартынчаак, уялчаак келишет. Булар табиятынан лидер болууну каалап, бийликти сүйүшөт. Кандай көйгөй болбосун, бат эле чечишет.

Асел

Кыргызстан менен Казакстанга жайылган ысым. “Бал”, “таттуу” деген маанини камтыйт. Бул айымдар жашоодо сүйүүнү туу тутушат. Эч убакта жакындарынан жана туугандарынан жардамын аябайт. Кыйын мүнөттөрдө сөз менен болсо да жөлөп таяганга даяр турушат. Өзүн таза жана тыкан алып жүрөт. Булардын жакшы сапаты- шамдагайлыгы. Абдан чыдамкай жана түшүнүктүү айымдардан болушат. Көп ийгиликтерге жетишкенге аракеттенишет. Башкалардан тажрыйба алууну жактырышат.

Зуура

Алдыга максат коюу жагынан алсыз болушат. Айым катары үй-бүлө күтүү керектигин түшүнүшөт, бирок ашыгышпайт. Булар үчүн иштеген иши, карьерасы маанилүү ролдо турат. Өздөрүн тең салмакта алып жүргөн айымдардан болушат. Тегерегине да өзүндөй адамдарды топтошот. Жасай турган ишинен майнап чыгарышат. Бирок бул ысымдын ээлери өз мүмкүнчүлүктөрүнө ишеним артышпайт. Ата-энесинин же күйөөсүнүн мойнунда болуп, өздөрүн-өздөрү камсыздагысы келбейт. Ал эми бул адат аларга коркунуч жаратат.

Эрнист

Эрнест — немис тилинен которгондо «керектүү» деген маанини түшүндүрөт. Мүнөзү оор басырыктуу келет. Оңой менен ачыла сүйлөп, адамдар менен аралаша бербейт. Бейчеки күлүп, шатыра-шатмандыкты жактырбайт. Өзүнүн акыл-эсине ишенгендиктен, тегерегиндеги адамдардын кеңешине муктаж эмес. Тескерисинче башкаларга идеалдуу кеңештерди берет. Сүйүү жана үй-бүлөгө туруктуу карап, жарды кылдаттык жана жоопкерчилик менен тандайт. Булардан мыкты психолог, педагог, бухгалтер, программист жана экологдор чыгат.

Нургүл

Араб тилинен которгондо нур “жарык”, “күндүн нуру” деген маанини түшүндүрөт. Ал эми “гүл” бул кадимки эле назик гүл. Бул ысымдагы айымдар абдан ачык-айрым, шатыра-шатман жүргөндөрдөн болушат. Адамдарды сыртынан карап, көрүп, байкап, андан соң ал адамдын өзүнө жараша мамиле кылышат. Дайыма көпчүлүк менен аралашып жүргөндү жактырышат. Булардан мыкты журналист, мыкты мугалим, мыкты ашпозчу чыгат.

Перизат

Пери — “сулуу” деген маанинин ээси. Кыргыздар “зат”, “зада” деген мүчөлөрдү улап арбын колдонуп жүрүшөт. Бул ысымдагы айымдар өздөрүнүн кулк-мүнөзүнө ыраазы боло беришпейт. Бирөөлөрдүн берген кеңешин жактырышпагандыктан тегерегиндегилердин сөзүн угушпайт. Бирок өз аракети, өз деңгээлине жараша көздөгөн максаттарына жетишишет. Ар убакта чындыкты издешет. Табиятынан бир калыпта болуп, чыр-чатактардан алыс болушат. Өтө сезимтал жана чечкиндүү келишет.

Назгүл

Бул ысым түрк тилдүү элдерге, Орто Азияга белгилүү. Кыргызстан, Казакстанда кеңири колдонулуп, “скромная роза”, “назик гүл” деп которулат. Бул ысымдагы айымдар бирөөлөр менен тез эле тил табыша алгандыктан өтө көп тааныш, досторду күтүшөт. Ошондуктан жалгыздыктан жапа чегишпейт. Карьера түптөө үчүн кадам ташташса ийгиликке жетишишет. Чыгармачылыгына таянып каржыдан да өксүк болбойт. Үй-бүлөнүн да, иштин да өтөсүнө чыга алган айымдардан болушат.

Гүлзина

Бул ысымдын ээлери кай жерде, кандай кырдаалда болбосун, ал кырдаалдан көйгөйсүз чыгып кетет. Гүлзина аттуу айымдар чечкиндүү, өзүн-өзү камсыздаган, мырзаларга таандык сапаттарга ээ эрки күчтүүлөрдөн болушат. Булардын терс жактарына агрессивдүүлүгү, бетке айткандыгы жана өзүмчүлдүгү кирет. Ошондой эле Гүлзиналар дайыма башкарууну жактырышат. Сыр сактаган жагынан эч кимди алдыга салышпайт. Үй-бүлө куруу үчүн ашыкпай ылайыктуу жарды күтүшөт.

Наргиза

Бул ысымга түрк жана перс эли көп басым жасашат. Ар бир эл ар түрдүү которуп “оттуу гүл”, “ай” деген мааниде түшүнүшөт. Наргизалар эрктүү, кекчил, абдан энергиялуу болушат. “Күчтүү айым” деген сөз накта ушул ысымдын ээлерине арналган. Кесип тандоодо курулушчу, тартип сакчысы, аскер кызматкери, хирург дарыгери болсо жарашат. Бул иштерде алар мырзалардан кем калышпай мыктылыгын көргөзө алышат. Өздөрүн таза, тыкан алып жүрүшөт. Ар убак биринчи болууну самашат.

Сезим

Кыргыз элинде көп колдонулган ысым. Атында айтылып тургандай, бул ысымдын ээлери абдан жапакеч, өзүн да, адамды да баалай билген, өтө сезимтал айымдардан болушат. Табиятынан өжөр, аракетчил келишкендиктен жашоодо материалдык байлык топтоо үчүн жан үрөшөт. Булар айткандарынан кайтпагандыктан аракеттери текке кетпей, ийгиликтерди багындырышат. Кайсы жер, кандай кырдаал болбосун, бетке айтып салуулары терс сапаттарынын бири болуп саналат.

Эрбол

Салттуу түрдө эркек балага ыйгарылуучу ысым. Казак элинде Ербол деген ысым арбын, жалпы мааниси “чыныгы эркек” дегенди билдирет. Казак, кыргыз эли бул ысымды наристенин келечекте эр азаматтардан болушун тилек кылып коюшат. Эрболдор кичинесинен эле намыскөй келишет. Эс тарткан соң жаңы ачылыштарды жасоого аракеттенишет. Жасаган иштеринин өтөсүнө чыга билишет. Үй-бүлөдө камбыл ата, жубайына татыктуу кожоюн боло алышат.

Мунира

Араб тилинин “мушарак” (مشرق) деген сөзүнөн келип чыккан. “Нур”, “жарык” деген маанини түшүндүрөт. Мунира аттуулар иштерман, бирөөгө жардам берүүдөн аянбаган, активдүү жашоону каалаган айымдардан болушат. Жасай турган ишин алдын ала пландап алышат. Бул айымдар өздөрүн өтө баалашкандыктан өз сулуулугу, ден соолугу үчүн эч аянышпайт. Дайыма өзүн таза жана тыкан алып жүргөндүктөн тегерегиндегилерге үлгү боло алат. Үй-бүлөдө да бул жакшы сапаттары менен татыктуу жар болот.

Элизада

Немис, англис тилдеринен келген ысым. Бул ысымга мүчө улап да, аны кыскартып да көп ысымдарды бүгүнкү күнгө чейин колдонуп келишет. Көбүнесе Елизавета (Элизабет, Изабелла) деп пайдаланышат. “Ак куу”, “боорукер аял” деген маанилерге ээ. Бул ысым ээлери үй жаныбарларын сүйүшөт. Башка адамга көз артпаган, өзү менен өзү болгон айымдар. Кесипти туура тандаса, булардан мыкты педагог, сүрөтчү, актриса, модельер, экскурсовод адистери чыгат.

Жаңыл Мырза

Кыргыз элине таандык ысым. Жаңыл Мырза аттуулар тактыкты, тынчтыкты сүйгөн, далилдүү нерселер менен гана алектенген, салабаттуу айымдар. Алар эч убакта ички дүйнөсүндө жаткан сырын сыртына бейчеки чыгара беришпейт. Өзүн кандай алып жүргөнүнө, кандай сүйлөп, кандай ойлонуп жатканына саресеп салып, акыл топтоого умтулат. Бул айымдарда айрым мырзаларда болбогон мыкты сапаттар көп кездешет. Ушак-айың, көрө албастык деген жаман илдеттерден алыс болуп, үй-бүлөсүн өтө сүйгөн айымдардан болушат.

Нурсултан

Араб тилинен алынган. “Нур” деген сөз “жарык”, “күндүн шооласы” деген маанини билдирет. Ал эми “султан” “бийлик”, “бийликтин өкүлү”, “абройлуу” дегенди түшүндүрөт. Бул ысымдын ээлери атына заты жарашкан мырзалардан болуп чыга келишет. Ар дайым тактыкты талап кылып, буйрук берип башкарган сапатка ээ болушат. Эрктүү, намысын колунан алдырбаганга аракеттенишет. Үй-бүлөгө күйүмдүү ата, абройлуу мырза болуу менен бирге элине да кызматын сиңире алышат.

Дамир

Бул ысым араб элдеринде арбын кездешет. Дамир ысмына “ой толгоо”, “жашыруун сыр” деген маанилер камтылат. Бул ысымды көтөрүп жүргөн мырзалар өтө чечкиндүү келишкендиктен чечимди тез кабыл алышат. Алардын чечиминин көпчүлүгү туура болот. Өз максаттарын башкаларга жарыялабай алгылыктуу ийгиликтерди жаратып, үйдө мыкты кожоюн аталат.

Диана

Рим мифтеринде бул ысымдын мааниси таасирдүү жана ыйык экени айтылган. Дианалар абдан илбериңки, назик келишет. Булар көбүнчө изденүү менен алектенишип, билим тармагына көп ыкташат. Өздөрүнүн асыл сапаттарын баалай билишет. Башка адамдардын жасап жаткан иштерине көз артышпайт. Үй-бүлөдө кожоюнунун таап келгенине карап олтура бербейт. Өз деңгээлине жараша кеңеш берген мыкты кеңешчи боло алат.

Динара

Динар – “алтын, күмүш тыйын”, “баалуу” деген түшүнүктөрдүн ээси. Түпкүлүгү араб элине таандык. Динаралар өтө аракетчил, өзүнө бекем ишенген, ичинде кири жок, башкалардан жардамын аябаган айымдардан болушат. Алардын бул сапаттары көпчүлүктүн баалоосуна арзыйт. Жашоодогу керектүү чечимдерди тез чечишет. Билимге умтулуп, анын аркасынан сыймыктуу кызматка ээ болушат. Бул айымдардан мыкты дарыгер, юрист, экономист жана мыкты мугалим чыгат. Сүйүүгө өтө туруктуу, эгер карьера же үй-бүлөнү тандоо сунушталса, бул айымдар сүйүктүүсүн, үй-бүлөсүн, балдарын тандоого даяр турат.

Улан

Казак тилинен келген ысым. “Сүйкүмдүү”, “боз улан”, “жигит” деген маанилерди түшүндүрөт. Бул ысымды көтөрүп жүргөн мырзалар — адамдарга бат ишенген, бирөөлөргө жакшылык гана каалагандар. Абдан шайыр келишет. Тамашаны сүйгөндүктөн каерде болбосун, компанияны шаңга бөлөшөт. Булар жөнөкөй курулушчу же айдоочу болууга ылайыктуу. Бизнес же карьера кылуу булар үчүн эмес. Сүйүүдө сүйүктүүсүн тез арада аныктай албай көпкө кыйналат. Анткен менен жашоодо туруктуу үй-бүлөнүн кожоюну болот.

Салтанат

“Даңазалуу”, “жылтырак”, “күндүн ыйыгы” деген маанилерди түшүндүрөт. Кичинесинде ыйлаак, бир орунда турбаган кыймылдуу келишет. Спорттун түрүнө шыктуу болушат. Пайдалуу нерселерди дароо илип алгандыктан билим алууда кыйналышпайт. Салтанат аттуулар аракетчил келип, көздөгөн максаттарына жетип, карьеранын баскычтарын бат эле басып өтүшөт. Адамдар менен тез тил табышып, тегерегине позитивдүү адамдарды топтой алышат.

Айсулуу

Аты эле айтып тургандай, “сулуу”, “ажарлуу”, “сүйкүмдүү” деген маанилерди өзүнө камтыйт. Айсулуулардын сырты эле сулуу болбостон, ички дүйнөсү да сулуу, таза болот. Өтө жапакеч, адамгерчиликтүү келишет. Билим алып жан дүйнөлөрүн байытууну жактырышат. Бирок бул айымдар үй-бүлөнү биринчи орунга койгондуктан карьерага көп умтула беришпейт. Жеке жашоосунда түбөлүктүү жарынын мыкты жана сүйүктүү жубайы, балдарынын мээримдүү энеси боло алат.

Айганыш

Ай караңгы түндү жарык кылат. Ал эми “ганыш” “ханым” деген сөздөн келип чыккан. “Хандын каны”, “сыймыктуу аял”, “айым” деген маанилерди өзүнө камтыйт. Түрк тилдүү элде ушул мааниде колдонулган Айганыш, Айганша, Айханым деген ысымдар көп кездешет. Айганыштар кандай кырдаал, кандай абал болбосун, ишенимдүү курбу боло алышат. Жашоонун маңызын үй-бүлө, бала деп билип үй-бүлөсүн барктап, баалап, материалдык байлыкка умтула беришпейт. Ошондой эле өз ден соолугун, сулуулугун да унутта калтырбайт.

 

Айзат

Айзат, Айзада деген ысымдарды кыргыз эли көп колдонот. “Сыймыктуу ай” дегенди түшүндүрөт. Бул ысым ээлери өздөрүн көтөрүп турганды жактырышат. Бир нерсени жасайм десе майын чыгарышат. Андыктан ал мүмкүнчүлүктөрүнө ишенип, өздөрүн баалап, сүйүшөт. Бирөөдөн кем калбаш үчүн керектүү буюмун кайдан да болсо таап алганга шыктуу келишет. Айзадалардын көпчүлүгү жашоодо бактылуу өмүр сүрүшөт. Бул айымдарга мыкты кожоюндар да туш келет. Башкалардан өзгөчөлүгү — сырларын сыртка чыгара беришпейт.

Алихан

Мусулмандардын жакшы көргөн ысмы. Алихан, Али деп да колдонулат. “Атактуу хан”, “өкмөт”, “кожоюн” жана башка ушуга окшогон маанилерди билдирет. Булар кичинесинен сөзүнө турган, жоопкерчиликтүү адам болуп калыптанышат. Табиятынан бир орунда турбай эмгек кылган, чындыкты бетке айткандардан болушат. Эч убакта өзүнүн айтканын бербейт. Көздөгөнүн тастыктамайын жаны жай албайт. Тегерегиндегилерге ишенимдүү дос, үйдө мейманчыл кожоюн боло алат.

Тилек

Кыргызда жакшы тилек, максаттар менен Тилекбай, Тилекбек, Тилекберди деген ысымдар көп ыйгарылат. Алар жашоодо ийгиликтерге акырындык менен жетишишет. Алгач өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүшүп, андан соң алдыга максат коюшат. Жасайм деген ишинин өтөсүнө чыгышат. Бирок ал мүмкүнчүлүктөрүнө ишеним менен карашпайт, өздөрүн баалашпайт. Карьера жасоо үчүн жан үрөшпөйт жана байлык, бийликке кызыга беришпейт. Булар үй-бүлөсүн багуу үчүн стабилдүү маянасы болсо, ошого каниет кылышат.

Гүлбурак

Алдыга койгон максатын эч кимге айтпастан бат эле өзгөртө алган, чечкиндүү сапатка ээ айымдар. Булар эрте үй-бүлө куруу керектигин түшүнүшөт, бирок өзүнүн көңүлүнө төп келген адам жолукмайын бул маселеге ашыгышпайт. Өздөрүн сыйлап, баалашат. Эгер оюндагыдай адам менен турмуш куруп, үй-бүлө күтсө, үлгүлүү жубай, үлгүлүү эне, үлгүлүү келин болот. Бирөөгө жамандык тилебейт. Ар убакта үй-бүлөсүн, жакындарын, бир туугандарын ойлогон күйүмдүү айымдар болушат.

Ширин

Татар элинен келген бул ысым кыргызча “таттуу” дегенди билдирет. Шириндер алдына көп максаттарды коюп, ага жетүү үчүн талыкпай аракеттенишет. Эгер таанышы же тууганы кандайдыр бир чоң ийгиликке жетишсе, аны өзүнүн ийгилигиндей кабыл алып, кошо сүйүнөт. Булар көрө албастык деген жаман сапаттан алыс, табиятынан калыстык кылган, туура сүйлөгөн айымдардан болушат. Адамдардан жардамын аягысы келбейт. Ишинде да так жана туура иштегендиктен бул айымдарды жетекчилиги да өтө баалайт.

Айпери

“Ай” жана “пери” деген сөздөрдөн куралган ысым. Атына заты жарашкан, өзүн жакшы алып жүргөн, ишенимдүү курбу боло турган айымдардан болушат. Ички дүйнөсү таза, бардык адамдарды өзүндөй көрөт. Көпчүлүккө жакын болууну, эл менен жүрүүнү жактырышат. Жакшы сапаттарынын бири — булар кекчил эмес. Кимдир бирөөлөр көңүлүн оорутуп коюшса, аны бат эле унутушат. Негизинен Айперилер жашоосунда үй-бүлөдөн да, сүйүүдөн да бактылуу боло алышат. Эмнегедир буларга материалдык байлык да өзүнөн-өзү келе берет.

Азиз

Араб тилинен которгондо “кымбаттуу” деген мааниге ээ. Булар бала кезинен токтоо, сезимтал, жаңы нерселерге кунт коюу менен карап, кызыгып, билбеген нерсесин билүүгө ашыгышат. Бой жеткенде ал токтоо сапаттары жоголуп, жашы тең балдардан көптү билгендигинен улам тегерегиндегилерге мактангысы келгендей шайдоот, шок болуп кетишет. Көбү илимдин татаал чыйырына түшкөн окумуштуу, химик, физик, дарыгер, биолог болуп чыгышат. Булардан сөз өнөрүн баалагандар, актёрлор жана искусство адамдары да көп кезигет.

Дархан

Түрк тилинен келген ысым. Алардын көпчүлүгү бул ысымды Тархан деп колдонушат. Дархан ысмы “эркин жашоо”, “көз карандысыз”, “ак ниет”, “чынчыл” жана башка ушул сыяктуу бир топ маанилерди түшүндүрөт. Бул ысым ыйгарылган наристе кичинесинен адамдарга кара санабаган, ак ниет, колу ачык, татыктуу уул болуп чоңоёт. Бирөөгө көз каранды болгонду жактырбаган, жашоого туруктуу көз караш менен караган эрктүү инсандардан болушат.

Шер

Перс тилинен келген Шер ысмы “арстан”, “жолборс” деген маанини билдирет. Атына заты жарашып бул ысымдын ээлери чечкиндүү, күчтүү, өзүнө бекем ишенген мырзалардан болушат. Булар жолборс, арстан сыяктуу өз жемин башкага алдырбаган, ар убак өзүн коргой билген мыкты сапаттарга ээ болушат. Үй-бүлөдө абдан табышкер, камбыл кожоюн болгондуктан көпчүлүк мырзалардан өтө эле бийик деңгээлде айырмаланып турушат.

Санрабия

Азербайжан эли бул ысымды көпчүлүк убактарда Рабия деп пайдаланып келишет. Санрабия “бакча” деген маанини билдирет. Бул ысымдагылар абдан жигердүү, эмоционалдуу, чыгармачылыкка умтулган, өзүнө ишенген, тазалыкты сүйгөн айымдардан болушат. Тобокелге салып баштаган ишин тез бүтүрүп, жыйынтык чыгарууга шашат. Кээде шашмалык сапат кесепетин тийгизип коёт. Андыктан бул айымдардын кеңешип иш кылуусу өтө пайдалуу болот.

Акыл

Бул ысым — казак тилинде “эс-акыл”, “эс тутум”, “өсүү”, “кеңеш” деген маанилердин ээси. Көпчүлүк ата-эне бул ысымды ымыркайына ыйгарарда жогорудагы маанисинде айтылган мыкты сапаттарга ээ болсо деген тилекте коюшат. Акыл аттуулар абдан сезимтал, айланадагыларына бирдей мамиле кылган, жөнөкөй жигиттерден болуп чыгышат. Башкалардан өзгөчөлүгү — бой көтөрүшпөйт, барды да, жокту да бирдей алып жүрүшөт.

Гүлзада

Гүлзадалар өз мүмкүнчүлүгүнө карап, көзү жеткен соң гана алдыга кадам ташташат. Өз максаттарына акырындык менен жетип, ага ыраазы болгонду билишет. Үй-бүлөнү кандай куруп, кандай сактоо керектигин көп ойлонушат. Абдан баамчыл келишип, өзүн да, башка адамды да баалай алышат. Булар өздөрүн камсыздоонун ордуна ата-энесинин же күйөөсүнүн багуусун каалайт. Негизинен үйдө бала тарбиялап, кожоюнун күтүп олтурган кожойке болсо жарашат.

Таалай

Кыргыз тилине которгондо “бакыт”, “тагдыр” дегенди түшүндүрөт. Таала “бийик болгон”, ай деген мүчөсү асмандагы айды билдирет. Бул ысым кыргыз, казак элдеринде кеңири тараган. Таалайлар жашоодо адамгерчиликтүү, ар бир ишине кылдаттык менен мамиле жасаган, куулук-шумдугу жок мырзалардан. Булар жасап аткан иштерин тегерегиндегилерге жарыя кылып айта беришпейт. Сыр жашырууга бекем келишет.

Жаркын

Казак тилинен алынган ысым. Бул ысым “жарык”, “ачык” деген маанини билдирет. Көпчүлүгү жашоодо абдан шатыра-шатман жүргөн, ачык-айрым, ичине кир сактабаган айымдардан болушат. Атына заты жарашып, колунан келсе жардамга муктаж адамдарга жарыгын чачып жардамын берүүдөн аянбайт. Үй-бүлөдө болсо камбыл кожойке, балдарына мээримдүү эне, жарына жаркылдаган жар боло алышат. Кыскасы, бул ысымдын ээлери аялзатына тиешелүү сапаттарга бай келишет.

Байэл

Бул ысымдын түпкү маанисинде жарык дүйнөгө жаңы келген наристенин келечегинин кең болушу камтылган. Анын ичинде элдин бардар жашоосу, ал наристенин элине кызмат кылуусу да максат кылынган. Ошол себептен бул ысым ыйгарылган эркек бала абдан жоопкерчиликтүү инсандардан болуп чыгат. Жигиттик парзын аткаруу үчүн жан үрөп, өтө эмгекчил болгондуктан башка мырзалардан кыйла айырмаланат.

Чолпон

Кыргызда көп кездешкен Чолпон ысмы казактарда Шолпан деп колдонулат. Мааниси Венера планетасы аркылуу түшүндүрүлөт. Күн, Ай, Жер планеталарынын касиеттери камтылып, байыркы гректердин мифтеринде кезиккен ысымдардын бири. Жаздын, сулуулук менен сүйүүнүн Кудайы, Юпитердин кызы катары сүрөттөлөт. Статистикасында алардын көбү атасына куюп койгондой окшош келишет. Музыкага, спортко шыктуу кыздардан болушат. Кең пейил, шайыр, достукка бекем, салабаттуу кыймыл-аракеттери менен чоң турмушка эрте аттанышат.

Гүлайым

Бул ысымдын башында жайгашкан “гүл” деген термин башка селкилерге таандык ысымдардын аягына көп уланат. Ай — бул караңгы түндү жарык кылган планета, “айым” уланмасы “менин айым” деген маанини түшүндүрөт. Негизинен үч мааниге ээ болгон бул ысым ээлери жашоодо өтө сезимтал, баамчыл, эмгекчил, жан дүйнөсүн чыгармачылык аралаган айымдардан. Ошондой эле жашоодо Гүлайымдар ишенимге арзыган, ишеничтүү дос болуу менен бирге үй-бүлөдө түбөлүктүү кожоюнунун бир сырлуу жары боло алышат.

Мээрим

Кыргыз тилинен алынган, Кудайдын сүйгөн аты. Эрки күчтүү, ойлонуусу тез, өзүмчүл, өжөр, башкарганды жакшы көргөн айымдар. Бул айымдар камкор келишет дагы, уялчаак болушат. Искусствого кызыккан, тилди оозеки жана жазуу түрүндө жакшы түшүндүрүп, баяндап жаза алган адамдар. Ар дайым коомчулукта өзүнүн жакшы сапаттарын көрсөтүүгө далалаттанышат. Өзүнө терең ишенишип, колунан келсе да, келбесе да максатына жетүү үчүн талыкпай чуркай беришет. Үй-бүлөдөгү кыйынчылыктарды, жаңжалдарды сыртка чыгарбаган, сырын эч ким менен бөлүшпөгөн айымдар.

Каныкей

Бул ысымдын ээлери максат-тилек, алдыга койгон пландарынан жыйынтык чыгармайын тынч алышпайт. Үй-бүлө куруу, турмушка аттануу жашоонун агымы экенин түшүнүшөт. Бирок шашыла беришпейт. Ылайыктуу буюрган күндү күтүшөт. Булар өтө туруктуу айымдардан болгондуктан тегерегиндегилердин да ушундай сапатта болушун каалашат. Бардык эле адамдар менен мамиле түзө беришпейт. Өздөрүн өтө баалашат. Карьера боюнча көтөрүлүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлүп атса дагы ага кызыгышпай, туруктуу эмгек акыга иштей беришет.

Канайым

Абдан аракетчил, эмгекчил болушат. Баштаган ишинин майын чыгаруу максатында аракеттенип, дос-туугандарын унутта калтырышат. Бирок жакындарынан жардамын аябаган, калыс, эрктүү, төңкөрүшчү айымдардан болушат. Адамдарга туура кеңешин берип, айланасындагыларды өзүнө буруп алууга жөндөмдүү келет. Үй-бүлөсү, балдары, өмүрлүк жолдошу үчүн камбыл кожойке. Ар убакта өзүнүн жакшы сапатын байкап, аны жоготпогонго аракет кылат. Бирөөнүн буюмуна көз артпайт. Өзүнүкүн да бирөө менен бөлүшүүнү каалабайт.

Азамат

Негизинен мусулман элдери үчүн мүнөздүү ат. Араб тилинен алганда “эрдик”, “эбегейсиз” деген маанини билдирет. Кыргыздарда бул сөз “эр жигит”, “күчтүү”, “акылдуу” же “бойго жеткен бала” деген маанилерге ээ. Бул ысым кыргыз, казак, түрк, татар элдеринде көп кездешет. Булар бир нерсеге шыктуу келишет. Чоңойгондо ал жөндөм талантка, сүйгөн кесипке айланып, өмүр бою ал өнөрлөрүн кастарлап өтөт. Спортчу, сүрөтчү, калемгер же уста катары өздөрүнүн эмгегин калкка сиңире алышат. Кичинесинен ысык-суукка байымсыз келишет да, көп оорушат. Бирок бой жеткени алар эс алганды, машыкканды, иштегенди жана тамактанууну да өз ченемдеринен кемитпей, ден соолугун чыңдап алышат.

 

Нурзада 

Нурзада Татар элине тиешелүү ысым. Нурзадалар сабырдуулук менен жашоодогу ийгиликтерди багындыра алышат. Алар алгач байкап көрүп, андан соң келечекке план коюшат. Үй-бүлө жаатында айрым айымдар сыяктуу булар бардык жүктү кожоюнунун мойнуна жүктөп коюшпайт. Сезимтал болушкандыктан бардык нерсеге көздөрү жетет. Бирок өздөрүнүн бул мүмкүнчүлүктөрүн баалай билишпейт. “Аракетке берекет” демекчи, аракеттин аркасы менен карьерасын да түптөп алганга шарттары болот. Анткен менен бул ысым ээлери ал жагына басым жасай беришпейт.

Элнура

Азербайжан эли бул ысымды көп колдонушат. Кыргызча которулганда “эл жарыгы” деген маанини түшүндүрөт. Булар капыстан жана ойдо жок жерден күтүлбөгөн пландарды түзө калышат. Үй-бүлө күтүп, турмуш куруу боюнча көп деле баш оорута беришпейт. Себеби булардын көпчүлүгү карьера, жумуш, досторду алдыңкы орундарга коюшат. Айтканынан кайтпаган сапаттын ээлери. Эгер жүрөгүнө жаккан адистиктин ээси болуп өз кесиби менен иштесе, жакшы жыйынтыктарды чыгарышат. Ал эми өзү каалабаган иш болсо, анын акчасына да карабайт.

Самат

Араб тилинен алынганда “түбөлүктүү, түбөлүк жашоочу” деген маанини түшүндүрөт. Кудайдын 99 атынын бири. Ачык мүнөз, күтүлбөгөн окуялардын борборунда турат. Жашоосунда ар кандай күтүлбөгөн жаңылыктар көп болот. Күмөн санаган иштер менен алек болбой эле койгондору оң. Бул ысымдын ээлери канчалык акча тапса, ошончолук жок кылып салышат. Өз күчүнө жана мүмкүнчүлүгүнө ишенген адамдардан. Бул ысымдагы мырзанын айтканын уккандар жашоодо көп жетишкендиктерге жетишет. Кандай гана сыноолор болбосун, андан жеңил өтүшөт. Көп кайгырышпайт. Достору көп болгондуктан жалгыздыкты башынан өткөрүшпөйт.

Айнура

Айнура деген ысымдын ээлери жашоону сүйгөн, боорукер, сезимтал жана кең пейил болушат. Булар өзүнүн атын актаганга аракет кылгандай жылдыздуу келишет. Жашоодо жаркылдап жайнап, дайыма шайыр жүрүшөт. Эмоционалдуу, ачык-айрым, тамашакөй болушат. Жашоого болгон кызыгуусу күн сайын артып, фантазиясы күчтүү болот. Адабий тилдеги китептерди окуганды жактырышат. Бул ысымдын жанындагылар ар убак аны менен кошо жайдары, көңүлү ток жүрүшөт. Айнуралар чындыкка ыктап, калп айтканды билишпейт. Калп айтса дагы бирөөнү таарынтып албаш үчүн гана айтышы ыктымал. Бул ысымдын ээлери сүйүүнү биринчи орунга коюп, андан соң турмушка аттанышат. Балдарынын келечегин ойлоп, жакшы жашаган, статусу бийик адамдардан жар тандашат. Үй-бүлөнү бекем кармап мыкты жар болгонго аракеттенет. Бул ысымдын ээлери оптимист болгондуктан кыйынчылыктарды дагы оңой жеңишет.

Айдар

Айдар — мусулман элинин арасында кеңири тараган, түрк тилдүү мырзалардын ысмы. Бул ысым «Ай» деген сөздөн келип чыккан, айдай бийик, айдай жарык, айланасына пайдасы, жардамы тийген мырза болсун деген тилекте коюлат. Бирок айрымдар «бул ысым арабдардын “хайдар” деген сөзүнөн келип чыккан» дешет. Кыргызчага түз которгондо “кадырлуу”, “татыктуу”, “белгилүү” дегенди билдирет. Айдарды түрк тилдүүлөр ар кандай айтышат. Мисалы, башкырлар — Айзар, чуваштар — Айтар, татар, казак, кыргыз, ногойлор — Айдар, тажиктер, азерлер — Хайдар же Гейдар. Айдарлар жаштайынан эле эмгекти сүйгөн, күчтүү, эр жүрөк, курбуларынан алдуу-күчтүү болушат. Булардын дагы бир касиети так илимдерди мыкты өздөштүрүп, башкалар менен мамиле түзүүдө өзгөчөлөнүп турушат. Алар абдан сезимтал, бой жеткени романтикага шыктуу, өздөрүнүн таттуу кыялдары менен жашап жүрө беришкендерден. Үй-бүлө күтүүнү кечирээк ойлонушат. Бирок кечиккенине жараша тандап жүрүп мыкты жар таап, бактылуу үй-бүлө курушат. Ал эми турмушта көпчүлүктүн сүймөнчүгү жана лидер болушат.

Азиза

Азиза деген ысым араб тилинен алганда «Кудайдын мээрими түшкөн» же «сыйкырдуу» дегенди түшүндүрөт. Бул ысымдуу ымыркайлардын көпчүлүгү чыр, тентек келип, ал мүнөзү мектеп курагында деле өзү менен болот. Адатта Азизаларды тарбиялоо оор, анткени алар көп учурда өзүнүн оюндагысын бербейт. Бул мүнөзү өзүн башкалардын алдында лидер катары көрсөтүүгө, билим алууга тырышууга алып келет. Мындай айымдар башкаларга өзүн тез эле таанытып, чөйрөгө белгилүү боло алышат жана алар башка айымдарга караганда ишенимдүү мырзалар менен достошууну жактырышат. Азизалар өмүрлүк жубайынын көзүн карап жашоону абдан жаман көрүшөт. Унааны катуу ылдамдыкта айдап эс алууну жактырышат. Бизнестеги Азизалар абдан чечкиндүү болгондуктан көп убакта тобокелге барышат жана кирешени ошого жараша эки эселеп табышат.

Аскар

Араб тилинен алганда “абдан бийик, бир нерсенин туу чокусу, жардамчы, кеңешчи” дегенди түшүндүрөт. Аскар деген ат периштенин аты болуп саналгандыктан бул ысымдын ээлерин өмүр бою периштелер колдоп жүрүшөт. Жакындарынын ишенимине кирсе, ишинде албан ийгиликтер коштолуп турат. Бул ысымдын ээлери көбүнчө саясат жаатында эмгектенишкен мамлекеттик ишмер болушат. Коомчулукта өзүнүн ой-пикирлерин туура жана так айтканга аракет кылышат. Аябай ишенчээк жана чынчыл келишет. Жашоодо шайыр болушуп, берген тапшырманы так аткарышат.

Алия

Бул ысым араб тилинен алынган, бизче которгондо “бийик, бийиктөө” деген маанини түшүндүрөт. Жашында өз алдынчалыкка көнгөн, шайыр, жашоону сүйгөн, ачык кыздардан болушат. Ал эми акыл киргенден баштап, бардыгына өзүнүн аялдык сапатын көрсөткүсү келет. Анын терс мүнөзү өзүмчүлдүк болсо, алсыз мүнөзү — кээ бир суроолорго эч жооп таба албаганы. Бул мүнөзүнүн кесепетинен Алиялар өз максатын четке кагып, күнүмдүк жумуш менен өзүн алаксытат. Аларга акча, байлык биринчи орунда турат. Ошон үчүн күйөөгө тиерде колунда бар, бай адамдарды карайт. Бул ысымдын ээлерине аябай күчтүү, коомдо өз орду бар эркектер керек. Үй-бүлө менен жумуш бирдей турат жана жолдошунун коомдо кадыр-баркы болушу шарт. Ошондо гана Алия аттуулар жолдошун сыйлап, сүйө алат. Эгер сүйүүгө чындап бир берилсе баарын унутуп койгонго даяр.