Баланы жакшы адам кылып тарбиялоо: манилүү 6 шарт

Балага берген эң башкы белек бул – убакыт. Балаңыз менен чогуу өткөрүп жаткан убакта сиз сөзсүз түрдө наристеңиздин оюн, үнүн угуңуз жана көйгөйүн да сезе билиңиз. Муну менен сиз балаңызды мээримдүүлүккө жана башка нерселерге да көңүл бөлүүгө үйрөтөсүз.

 

mother-1171569_640

Балаңыз сизге кандай керек экенин жана сиздин жашооңуздагы орду чоң экенин бат – баттан айтып туруңуз

 

Бала менен мүмкүн болсо көбүрөөк сүйлөшүп, анын жашоодогу орду чоң экенин айтып туруу керек.

Балаңызга маселе чечкенди үйрөтүңүз

 

maxresdefault (5)

Маселеден качуу – эң чоң туура эмес кадам  болуп эсептелинет.  Балаңызга кеңеш берип, колдоп —  коштоп маселени туура чечүүнү үйрөтүңүз. Мүмкүн болгон көйгөйдүн жолун табуу үчүн чогуу аракеттерди жүргүзүп көрүңүз.

 

Баланы коркуу сезимдери менен күрөшүүгө үйрөтүңүз

 

wx1080

Уят , көрө албастык жана жек көрүү.  Мындай терс көрүнүштөр менен балаңыздын күрөшүсүүнө жардам бериңиз. Качан гана балдарыңыз мындай жаман сапаттардан арылгандан кийин гана психикалык жактан дени сак бекем болуп өсөт. Ошондо жөнөкөй башка адамдар менен мамиле түзө алган азамат уул — кыздардан болуп чоңойот.

 

Баланы күн сайын пайдалуу болууга үйрөтүңүз

 

5d51b17c176b37db215c741dcfe343a5

Балаңыз кылган ар бир иш үчүн рахмат айтканды унутпаңыз. Анын жасап жаткан иши канчалык маанилүү экенин айтып туруңуз. Үй иштеринен чарчаганыңызды  дайыма эле айта бербеңиз, бул баланы жалкоолукка үйрөтөт. Сизге жардам кылган ар бири иши үчүн ыраазычылык билдирип туруңуз.

 

Балага дүйнө ал элестеткенден татаал жана кызыктуу экенин көрсөтүңүз

 

03ea221d3049b1bf2c437001e920e7d3

Балага бир гана аны курчап турган дүйнөнү гана эмес, андан да чоң нерселерге кызыктырып ,окутуу зарыл. Башка үй – бүлө, башка өлкө жөнүндө айтып бериңиз. Бала менен ачык сүйлөшүп, баланы жакшы угуучу кылып  тарбиялаңыз.