Аялдарга коркунучтуу болгон 10 өлкө

 21-кылымда аялдын образы — бул өзүнө — өзү ишенимдүү кадам таштап, чын ден-соолук жана сулуулук менен жарыгын чачкан. Бирок, бүгүнкү күндө планетанын 3,3 млрд. көп аялдар зордук-зомбулук, саясий куугунтукка, жана басмырлоого дуушар болушууда.

 

Ооганстан

 

m7-e1459143944240

 

Ооганстандык аялдар, эркектерге караганда 45 жылга аз жашашат. Бул өлкөдө азыркыга чейин, аялдардын сабатсыздыгы жогору болуп саналат. Көбүнчө кыздар 16 жашка чейин эле турмуш куруп,  аялдардын 85 % медицинанын жардамы жок көз жаргандыктан, ар бир 30 мүнөт сайын, төрөт учурунда аялдар көз жумат. Энелердин өлүмү боюнча  Ооганстан жогорку көрсөткүчтө.

 

Гватемала

 

345081023

 

Гватемалалык аялдар бир гана үй – бүлөлүк зордукка дуушар болбостон, бат – баттан зордуктоого да кабылып турушат. Андан сырткары, бул өлкөдө СПИД оорусу менен ооругандардын саны көп.

 

 

Конго Демократиялык Республикасы

 

file33022063_586b2855

 

file41002149_65e79dd9

 

Конго өлкөсүнүн түштүгүндө ушул убакка чейин согуш болууда, анда  3 миллионго жакын адамдын өмүрү кыйылып гана тим болбостон, аялдар эркектердин ордуна согушууга аргасыз. Аялдар түздөн – түз каршылаштардын курмандыгына айланып, күндөн – күнгө зордук – зомбулукка дуушар болушууда.

Күнүнө 1 000 ге жакын аял зордукка кабылып, 1996 – жылы, мындай көрүнүштүн саны  200 000 ди түзгөн. Боюнда бар аялдардын 57 % аз кандуулук менен оорушат.  Күйөөлөрүнүн уруксатысыз, эч кандай юридикалык документке кол коюуга акысы жок.

 

 

Индия

 

women-113

 

epa01556859 A displaced Congolese woman gestures during a meeting with rebels in Rutshuru in the Democratic Republic of Congo on 21 November 2008. The U.N. Security Council voted to send 3,000 more peacekeepers to Congo to help protect civilians and end weeks of conflict in the east, but it could take them months to get there. EPA/LESLIE NEUHAUS

Индияда СПИД оорусу менен ооругандардын 39 % аялдар түзөт, 70 % үй – бүлөлүк зордук – зомбулукка кабылышат. Ар бир 29 мүнөт сайын, аялдар зордуктоого кабылат. ХХ кылымда Индияда 50 миллиондон ашык кыздар өлтүрүлүп, 100 миллионго жакын аялдар сатылуунун курмандыктары болушкан. 44,5 % кыздар 18 жашка чыккычакты турмуш курушат.

 

Ирак
3e4200b89139

 

women-111

 

Америкалыктар Ирак элин Саддам Хусейиндин бийлигинен бошоткондон кийин, Ирак – аялдар үчүн чыныгы диний тозокко айланган. Сабаттуулук жагынан эч качан төмөн түшпөгөн өлкө, бүгүнкү күндө сабатсыздык жагынан алдыңкы орунда.

2014 – жылы, «Ислам мамлекетинин» согушчандары «жыныстык жихад» деп аталган жаңы коомдук көрүнүшкө  катышуудан баш тарткан 150дөн ашуун аялды  өлүм жазасына тартышкан.

 

Мали
zhenshchiny-i-deti-sudana

 

women-115

 

Мали кедей өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул өлкөдө аялдарды жыныстык жактан «отургузат», бул азаптан кутулууга эч бир аялдын күчү жетпейт.. Кыздар эрте жашынан турмуш курушуп, ар бир онунчу аял төрөттөн же боюнда бар учурунда каза болушат.

 

Пакистан

women-112

 

Бул өлкөнүн кээ бир региондорунда, күйөөсүнүн кылмышы үчүн, аялдарын зордукташат. Жакында эле Пакистандык саясатчы – аялдарга каршы диний экстремизим болгон.

Пакистанда ушул убакка чейин, кордолгон үй – бүлө үчүн, чара көрүүчү эч кандай мыйзам жок. Оор кыянаттыкка дуушар болгондордун 90 % аялдар болот. 82 % аялдар, эркектерге караганда аз акча каражатын табышат.

 

Сомали

women-114

 

Сомали өлкөсүнүн борборунда граждандык согуш күч алгандан кийин, аялдардын баркы кетип, кордукка дуушар болушууда. Борбордогу кыздардын 95 % 4, 11 жашынан баштап зордуктоогоо кабылышат. Саясатта аялдар 7,5 % орунду ээлеп, боюнда бар аялдардын  9 % гана ооруканага кайрылууга мүмкүнчүлүк бар.

 

Судан

 

women-118

Суданда аялдар зордукка, кол салуучулукка дуушар болушат. 2003 – жылы, Суданда бир миллионго жакын аялдар эч себепсиз өлтүрүлгөн.

 

Чад
women-121

Чад өлкөсүндөгү аялдардын укутары дээрлик жокко эсе. Кыздар 11-12 жашынан турмуш курууга барышат. Бул өлкөдөгү аялдар да күн сайын зордук – зомбулукка дуушар болуп турушат.