Бул аймактын жашоочулары 120 жашка чейин жашашат. Сыры эмнеде?

 

старость

Бул сүрөттө атасы 95 жашта, ал эми баласы 78 жашта

 

Жер жүзүндө рак, жүрөк ооруусу эмне экенин билбеген, узак жашаган, Түндүк Индиянын, Хунза дарыясынын жээгинде катаал шартта жашашаган уруу бар. Бирок турмуштун катаалдыгына  карабастан, алар жашаган жерин – «бактылуулуктун өрөөнү деп аташат».

 

2-156

Бул уруу жөнүндө биринчилерден болуп, англис дарыгери Мак Каррисон айтып чыккан. Ал XX кылымда бул аймактагы оорулууларды дарылаган. Бул аймакта жайгашкан дээрлик бардык уруулар — кургак учук, ич келте, диабет, жугуштуу оору, холера сыяктуу ооруулар менен жабыр тартышпайт. Хунзадагы жашоочулардын да ден – соолугу сак-саламатта (көз жарака жана шишикти  эске албаганда).

 

3-140

Алар жашаган айлана – чөйрө тоолор менен курчалган. Бул уруунун жашоочулары орто эсеп менен 120 жашка чейин жашашат. Талаа иштерине 100 жашка чейин чыгып иштей беришет.

Хунза жашоочуларынын мүнөзүндөгү өзгөчөлүктөрү —  оптимизм, тынчтык, юмор жана меймандостук. Хунза элин король башкарат буларда милиция, түрмө деген нерсе жок. Бул коомдо тартип бузуп, кылмыш кылгандар жокко эсе.

 

2-156

Узак жашоочулар, эң чоң сый – урматка ээ болушат.

Ал эми жашоо шартын карасак, Хунза эли абдан кедей жашашат. Тоодогу ар бир таш, чөп булар үчүн алтынга – тете. Кар, жаан – чачын аз жаагандыктан, суунун жетишпестиги бар.

Кышында Хунза эли терезеси жок, таштан жасалган үйдө жашайт. Ал эми үй жаныбарларын, уй ж.б. өздөрү менен чогуу бир үйдө кармашат.