Наристенин акыл — эси өсүп келе жатканда эмнелерге маани берүү керек? 7 эреже

Жаш балынын акыл-эси кантип жана качан калыптанат? Ымыркайдын эс-тутуму күн сайын өсүп өнүгөт жана бекемделет. Ал эми ата-энелердин милдети бул учурда туура багыт берип тарбиялоо болуп эсептелет. Анткени анын келечектеги акыл-эс деңгээли, мектепке баргандагы кабыл алуу жөндөмүнө негизги ролду ойногон курал болуп эсептелет.
image (50)
  • Жаңы төрөлгөн ымыркай улам жашы жогорулаган сайын негизинен апасынын аракеттерин эстеп калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло баштайт. Демек, бул учурда анын эс- тутуму калыптана баштайт деп түшүнсө болот.
  • Балакайдын убактысын эреже ылайык бир калыптагы режимге салып, белгилүү бир маалда тамак берип, уктатып, сейилдетүүгө алып чыгуу менен сиз анын өз алдынча болуусуна түрткү берген болосуз.
  • Ошондой эле, балакайдын акыл- эс- тутумун жакшыртууга багытталган көнүгүүлөрдү үйрөтүү жомоктон башталат. Ал үчүн бир эле кызыктуу жомокту кайра- кайра образга кирип окуп берип турсаңыз, кийинчерээк анын кубанычтуу жүзүн, коштогон үнүнө күбө болосуз. Мындай учурда балакай өзүнө тааныш жомогун тааныгандыгынан кабар берет.
  • Андан кийин оюнчуктар менен чогуу ойноңуз. Балакайга жакын турган оюнчуктардын атын айтып алып берүүнү сураныңыз. Бир аз убакыт өткөн соң балакай оюнчуктун аты аталганда эле дароо кармай калат. Мындай ыкма менен балакайдын эс- тутумун эле жакшыртпастан, сүйлөө речинин өнүгүүсүнө да түрткү берген болосуз.
  • Сейилдөөгө чыкканда айлана- чөйрөдө курчап турган нерселердин ар бирин атынан атап айта жүрүңүз. Кайра үйгө кайтканда аны кайталап сурап көрүңүз. Үйгө келген соң көргөн нерселерин сүрөт кылып тартууну сунуштаңыз.
  • Муну менен баланы эс- тутуму эле эмес, образды кабыл алуусу да өнүгөт. Кийинчерээк балага окуп берген жомоктор тууралуу сүрөт тартууну дагы сунуштаңыз. Эс- тутумду жакшыртууга багытталган көнүгүүлөрдүн дагы бири оюнчуктарды жашырып ойноо болуп эсептелет. Андыктан эч эринбей жок дегенде бир саат оюнчуктарын бекитип, издетип ойнотуңуз.
  • Жыйынтыктап айтканда, балакайдын эс- тутумун жакшыртуу үчүн көнүгүүлөр такай жасалып турушу керек. Ортодо үзгүлтүккө учураса болбой калат. Ошондой эле балакайдын каалоосуна каршы чыгып, же мажбурлап эмес, өзү каалаган оюндары менен ойноп, ал каалаган нерселер менен гана алек болууга аракет жасаңыз.

image (51)

Сүрөттөр Нурайым Азыкбаеванын өздүк баракчасынан алынды.