Кыргызстандын өнүгүүсүнө экс — президент Аскар Акаевдин жана кызы Бермет Акаеванын 5 сунушу

акаевых

 

Март айында  мурунку президент  Аскар Акаев жана кызы Бермет Акаевдер «Кыргызстандын өнүгүүсүн илгерилетүү стратегиясы» аттуу китебин жарыкка чыгарышкан. Китепте Кыргызстандын келечеги тууралуу  көз караштары жана мындан аркы өнүгүүсүнө кандай жолдор керек экендиги жазылган.

 

Картинки по запросу фото Акаевых

фото: kloop.kg

 1. 2020 — жылдын муундары 

Аскар Акаев жана Бермет Акаева Кыргызстандын өнүгүшүнүн негизги кыймылдаткыч күчү– 2020 – жылдагы өсүп келе жаткан муун болоорун ишенимдүү түрдө жазып кетишкен.  Китепте Акаевтердин көз карашы боюнча, Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына салым кошкон 90 – жылдардагы муундун алмашаары жана алардын ордуна кубаттуу келечек куруучу патриот муун келет деп жазылган.

Askar_Akaev_MoscowRia_08-2016

фото: kloop.kg

«Бул китеп Кыргызстан өнүгүүгөө сапаттуу секирик жасоосуна, XXI кылымдагы жарандар татыктуу жашоодо жашап жана туура  стратегиялык чечимдерди кийинки үч он жылдыкта  ишке ашыра турчу, 2020 – жылдын  муунундаарынын лидерлерине багытталган. Биз аларды өздөрүнүн тарыхый миссиясын ийгиликтүү аткарат  деген үмүттөнөбүз.»

 

 

2. Өлкөнүн лидерлерине көңүл буруңуздар

Жакын арадагы 10-20 жылдыкта жетекчилик, Кыргызстандын мындан аркы тагдыры үчүн чечүүчү мааниге ээ болооруна ишеничтүү түрдө жазган. Ошон үчүн Кыргызстанга татыктуу лидер табылуусу зарыл экендигин дагы баса белгилеген.

 

397140_originalфото:  LiveJournal
«Адамдар, адатта, лидерлер менен менеджерлерди чаташтырып алышат. Жакшы менеджер жакшы иштеп жаткан парадигманы башкара алат. Бирок, бир гана чыныгы лидер элдерди бир нуктан, башка нукту көздөй  алып кете алат.  Коом жаңы парадигманы кабыл алганда,  ал ийгиликтүү болушу үчүн лидерге натыйжалуу жетекчи керек.  Ар бир лидердин баалуу сапаты болуп – келечекке бирдей көз караш менен караган адамдарды бириктирүү. Натыйжалуу менеджер өлкөнүн келечегине, экономикалык планды толук ишке ашырууга  керек.»

 

 

3. Өзгөртүүчү жаңы, улуттук стратегияны жазгыла.

Кыргызстан тез өнүгүш үчүн, жакын арада оптималдуу түрдө  улуттук өнүгүү стратегиясын жазып чыгуу керек. Стратегияда өлкөнүн гүлдөп өнүгүүсү жана жаркын келечектин курулуусу камтылыш керек. Андан сырткры , Аскар Акаев кыргызстандыктардын жакын аралыктагы 15-20 жыл ичинде чоң ийгиликтерге жетүүсүнө  мүмкүнчүлүк бар экенин жазып өткөн.

 

2015-05-24_22-12-07_168442

фото: Вечерний Бишкек

«Кыргызстан оптималдуу улуттук стратегияны туура ишке ашырса, жакын арадагы 15-20 жыл ичинде чоң ийгиликтерге жетүүсүнө мүмкүнчүлүк бар.»

 

4.  Улуу Жибек Жолун жандандыргыла

 

26790.347ee90efab6e6afa271ecc57e670dec

фото: АКИpress

Жакынкы келечекте, Кыргызстан Улуу Жибек Жолунун экономикалык аймагынын негизги логистикалык борбору болууга  мүмкүнчүлүк бар. Бирок, ал бир гана  Кыргызстан жакынкы 1-2 жыл ичинде өнүккөн жана новатордук өнүгүүнүн 15 жылдык (2018-2033).  стратегиясын иштеп чыкканда гана.

 

5.  Чөйрөнү, жаратылышты унутпагыла

 

bermett

Өнүгүү – албетте сонун. Бирок, Кыргыз Республикасынын жарандары, өзүнүн өлкөсүн тазалыкта кармоосун унутпашы керек. Экс — президенттин 2030 – жылга карата көз карашы боюнча,  Кыргызстан менен Тажикстан Борбор Азия боюнча жалгыз  ичүүчү таза суусу  жана салыштырмалуу салкын жайы бар өлкөлөрдөн болуп калат. Бул чет элдик туристтер үчүн өзгөчө кызыктуу болуп, алардын тартылуусу күчөйт деп жазган. Ошондой эле, жакын арада ГЭС электр энергия берүүчү станцияларын жаап, анын ордуна энергиянын кайра жаралуучу булактарына (ЭЖБ) өтсө күнөө болбойт деп жазган.

 

«Негизги электр энергияны Кыргызстан ГЭСтин жардамы менен ишке ашырат, өлкө кайра жаралуучу энергияга  өтүүчү демилгени колго алса болот.  Бул учурда Кыргызстан Париж келишимине макулдашса, күн жана шамал электр негизинде энергетика объектилерин түзүү боюнча артыкчылыктуу эл аралык жардам көрсөтүлмөк. Ошентип, бара-бара өлкө «жашыл» энергетика, андан кийин «жашыл экономика» , экологиялык жактан таза айыл чарба азыктарын чыгарып жана аны экспорттой алса болот.»