Анжелика аны сынга алган хейтерлерге кайрылды

«Бактылуу айым» долбоорунун катышуучулары жана жакындары менен эс алууда жүргөн Анжелика Бекболиева аны сынга алган хейтерлерине кайрылуу жасады.Төмөнкүлөрдү ал өзүнүн инстаграмдагы баракчасына жазган : “Бактыгул эжекебиз мечиттен бизди токтотуп батасын берем деп калды.Аллах ыраазы болсун!!! Бироо менин соогумду кемирип жатса,мен бата алып журо берейин.. Албетте кимге эмнени кааласан ошону коросун. Бул соз менин хейтерлериме арналат. Кандай гана аянычтуусунар тилекке каршы, ошону билип сездинер бекен?! Мен тураалуу ар канда кептер айтылып келген жана айтыла да берет. Мен ал нерседен качпайм. Тескерисинче кучтоном, силер менин алдыга койгон максаттарымдын стимулу экенинерди билбесенер керек. Менин ысымымды булгап, ар кандай ушак айын кептерди тараткан аты да заты да жок пенделерге жол болсун! 

Силер мага силерге болгон аяныч менен жылмайуудан башка эч нерсе тартуулабайсынар! Атынарды атоого дагы татыксызсынар! Аял болуп, аруузат болуп, эне болуп ушул улуу нерселерге татыксызсынар! Кундор суу сымал агып кете берет, бирок бир орунда муз болуп,таш болуп тонуп турганы дагы бар. Тонбогула, аккыла, мага окшоп эмгектенгиле талыкпай, эмгектин узурун коруп эс алгыла ошондо жашоонун чыныгы ырахатын коросуздор! Ал эми ар кандай кептерди далилсиз, бир тараптуу кылып коомчулукка жарыялагандар эмне дейм алтындарым бар болгула, аман болгула! 

Силер бар жашоо кызык! 

Жаратканыбыздын алдында чон суракка алынып, катуу жазаланаарынарды унутпасанар болду! Калганын жакында суйлошобуз!”